Бишкекте мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакча мамлекетке кайтарылды
Борбор калаада мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакчанын имараты мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) билдирди.
Расмий маалыматка ылайык, бала бакча комплекси Октябрдын 40 жылдыгы атындагы тигүү фабрикасына караштуу «Айгүл» акционердик коомунун балансында турган. Бирок ал социалдык объектилерди менчиктештирүүгө салынган мыйзамдык чектөөлөрдү бузуу менен жеке жактарга сатылып кеткен.
УКМК жүргүзгөн иш-чаралардын негизинде имараттын мурдагы ээлери мүлктүн мыйзамсыз менчикке өткөнүн таанып, аны өз ыктыяры менен мамлекетке кайтарып беришти.
Кайтарылган объект тууралуу маалымат:
Дареги: Бишкек шаары, Гоголь көч., 127а
Жалпы аянты: 0,65 га
Имараттын аянты: 1810 чарчы метр
Курулуш көлөмү: 2 кабат
Кубаттуулугу: 280 орун
Шаар мэриясы бул имаратты бала бакча катары кайрадан иштетүү максатында реконструкциялоону пландаштырууда. Бишкекте мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин жетишсиздигин эске алганда, бул чара жүздөгөн балдардын бакчага баруусуна мүмкүнчүлүк түзөт.
УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген мамлекеттик объектилерди кайтаруу боюнча иштерди уланта берерин белгиледи.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.