Ноокатта окуучу кыздардын кайым айтышуусу мушташ менен аяктаган
Сүрөт жасалма интелекттин жардамы менен жасалды
Ош облусунун Ноокат районунда окуучу кыздар өз ара кайым айтыша кетип, бир окуучу кыз экинчисинин жүзүнө урган, натыйжада экинчи окуучу кыздын мурду сынган. Бул тууралуу Oshinfo.kg басылмасына өздүк булактар кабарлаган.
Бул маалыматты Ош ОИИБдин басма сөз кызматы тастыктады.
Маалыматка караганда, 2024-жылдын 19-декабрь күнү Ноокат районунун Көк-Жар айыл аймагында жайгашкан Көк-Жар инновациялык мектебинин окуу классында өз ара пикир келишпестиктен улам 2008-жылы туулган К.З., жашы жете элек 2010-жылы туулган А.М.ди жүзүнө уруп, денесине жаракат келтирген.
Натыйжада А.М. жараатынан улам райондук аймактык ооруканасынын сынык-жарааттар бөлүмүнө кайрылган.
"Тергөөнүн жүрүшүндө 2008-жылы туулган К.З.га, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин 1-бөлүмүндө көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен айыбы угузулуп, Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 27-беренесинин 2-бөлүгүнүн негизинде кылмыш иши боюнча чечим кабыл алынган. Кабыл алынган чечим райондук прокуратура тарабынан мыйзамдуу жана негиздүү деп табылган",- деп айтылат маалыматта.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.