Ак-Ордо-3 жаңы конушундагы өлүм: шектүүнү табууга көмөктөшкөндөргө ири суммадагы акчалай сыйлык берилет

3-октябрга караган түнү Ак-Ордо-3 жаңы конушунда эки киши өлтүрүлдү: 34 жаштагы эркек жана анын 36 жаштагы эжеси каза болду. Окуя болгон жерге ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев барган.

Ал «АКИпресс Сводка» басылмасына берген маегинде, кылмышка шектүүнүн жүзү байкоо камераларына түшүп калганын жана кылдат текшерүүдөн кийин аны издөө жарыяланганын билдирди.

«ИИМ купуялуулукту камсыздайт жана анын жүргөн жерин аныктоого жардам бере турган так маалымат үчүн ири акчалай сыйлык берет», — деди Абдиев.

Анын айтымында, үйдүн жанында ыкчам штаб түзүлгөн.

«Бул жерге ички иштер министри Улан Ниязбеков бир нече жолу келип кетти. Тергөөнү ИИМдин жетекчилиги жеке көзөмөлүнө алган», — деп кошумчалады ал.

Окуя болгон жерде Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын (ГУВД) начальнигинин орун басарлары Мыктыбек Болушев жана Кымбат Курманалиева, ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын (ГУУР) орун басары Бактыбек Нарчаев, Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын башчысы Азамат Байгазиев жана Бишкек ШИИББинин кылмыш иликтөө кызматынын башчысы Улан Бердибаев да иш алып барууда.

Тергөө иштерине райондук прокуратуранын өкүлдөрү да кошулган.

Мындан тышкары, штабдын ишине Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тартылган.

Буга чейин милиция шектүүнүн тартылган видеосун жарыялаган. Ал издөөдө. Мыйзам коргоо органдары купуялуулукту камсыздап, ири суммадагы сыйлык убада кылышкан.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз