Милиция Ак-Ордо-3 жаңы конушундагы эки адамды өлтүрүүгө шектелип жаткан адамдын фотопортретин жарыялады
Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы 3-октябрга караган түнү Ак-Ордо-3 жаңы конушунда болгон кош өлтүрүүгө шектелип жаткан адамдын фотопортретин жарыялады.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, Ынтымак көчөсүндөгү жеке үйгө белгисиз адам кирип, 34 жаштагы эркек менен анын 36 жаштагы эжесин өлтүргөн. Маркумдун жубайы үч баласы менен кошунасына качып үлгүргөн. Шектүү окуя болгон жерден качып кеткен.
6-октябрда милиция шектүүнүн тартылып калган видеосун жарыялаган. Ал изделүүдө. Укук коргоо органдары шектүү боюнча маалымат берген адамдын анонимдүүлүгү сакталарын жана ири акчалай сыйлык берүүгө кепилдик беришет.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.