Садыр Жапаров Габала шаарындагы ТМУнун мамлекет башчыларынын саммитине катышууда
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 7-октябрда, Азербайжандын Габала шаарында өтүп жаткан Түрк мамлекеттер уюмунун мамлекет башчыларынын кезектеги саммитине катышууда. Иш-чара Гейдар Алиев атындагы конгресс-борбордо өтүп жатат.
Саммиттин алдында мамлекет башчысын Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев расмий түрдө тосуп алды. Саламдашуу аземи жана биргелешкен сүрөткө түшүү иш-чарасынан кийин делегация башчылары жыйындын пленардык бөлүгүнө өтүштү.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.