Кызматташуунун жаңы доору: Анкарада түрк тилдүү мамлекеттердин Профсоюздарынын I Конгресси өттү
Кыргызстандын Кесиптик кошуундар федерациясынын төрагасы Мурадил Жумадилде уулу түрк тилдүү мамлекеттердин кесиптик кошуундар уюмунун (ОПТГ) I Конгрессине катышып, аймактагы кесиптик кошуундар кыймылын бириктирүүгө кошкон жеке салымы жана лидерлик сапаттары үчүн ОПТГнын вице-президенти болуп шайланды.
2025-жылдын 22-майында Түркиянын борбору Анкара шаарында түрк тилдүү дүйнө үчүн маанилүү окуя болуп өттү — түрк мамлекеттеринин кесиптик кошуундар уюмунун тарыхтагы алгачкы уюштуруу Конгресси болуп өттү.
Бул ири иш-чара Түркиядан, Өзбекстандан, Кыргызстандан, Казакстандан жана Азербайжандан келген кесиптик кошуундар кыймылынын лидерлерин бириктирип, кызматташуунун, тилектештиктин жана түрк аймагындагы эмгекчилердин өз ара колдоосунун жаңы этабынын символу болду.
Кыргызстандын Кесиптик кошуундар федерациясынын төрагасы Мурадил Жумадилде уулу өз сөзүндө бул уюмдун түзүлүшүнүн маанилүүлүгүнө өзгөчө басым жасады.
«Бул уюмду түзүү — биздин өлкөлөр жана эмгекчилер үчүн стратегиялык кадам. Ишенимди бекемдеп, байланышты чыңдап, эмгек жана социалдык коргоо тармагындагы курч маселелерди чогуу чечүүнү сунуштайм. Бул биздин экономикалардын туруктуу өнүгүшүнө жана жарандардын жыргал жашоосунун жогорулашына күчтүү түрткү болот. Биз түрк дүйнөсүнүн кесиптик кошуундар мейкиндигин тилектештик, адилеттүүлүк жана жалпы жоопкерчилик принциптерине таянып курушубуз керек», — деп белгиледи ал.
Түрк мамлекеттеринин бирдиктүү кесиптик кошуундар уюмун түзүү — жалпы тарыхый, маданий жана тилдик тамыры бар мамлекеттер ортосунда эмгек кыймылын жана социалдык өнөктөштүктү чыңдоого багытталган маанилүү кадам болуп саналат. Конгресстин башкы максаты — жумушчулардын жана кесиптик кошуундардын өкүлдөрүнүн ортосунда диалог түзүп гана тим болбостон, биргелешкен өнүгүүнүн жана миллиондогон жарандардын эмгек укуктарын коргоонун стратегиялык багыттарын аныктоо болду.
Конгресстин катышуучулары эмгекти коргоо, кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу, социалдык диалогго инновацияларды киргизүү жана туруктуу экономикалык өнүгүүгө өбөлгө түзгөн саясаттарды шайкештештирүү боюнча алдыңкы тажрыйбаларды алмашуунун маанилүүлүгүн белгилешти.
Иш-чарага Түркиянын «Түрк-Иш» кесиптик кошуундар конфедерациясынын президенти Эргүн Аталай катышып, бул окуянын тарыхый маанисине токтолду:
«Биздин жалпы тамырыбыз — биримдик жана өз ара жардамдашуу үчүн кубаттуу негиз. Бүгүн биз түрк дүйнөсүндө татыктуу эмгек шарттарын түзүүгө жана жумушчулардын укуктарын коргоого өбөлгө болчу кесиптик кошуундар кыймылын чыңдоонун жолун баштап жатабыз», — деди ал.
Өзбекстандын Кесиптик кошуундар федерациясынын жетекчиси Кудратилла Рафиков биргелешкен аракеттердин маанисине токтолду:
«Күч-аракеттерибизди бириктирүү жалпы көйгөйлөрдү натыйжалуу чечүүгө жана дүйнөлүк эмгек рыногундагы өзгөрүүлөргө ыңгайлашууга шарт түзөт», — деп билдирди ал.
Казакстандын Кесиптик кошуундар федерациясынын төрагасы Сатыбалды Даулеталин:
«Тилектештик — биздин башкы ресурс. Биргелешкен иш аракет социалдык укуктарды ишке ашырууга жана эмгекчилердин жашоо сапатын жогорулатууга көмөктөшөт», — деди ал.
Азербайжан Республикасынын Кесиптик кошуундар конфедерациясынын жетекчиси Сахиб Меммедов белгиледи:
«Биримдикте — биздин күч. Бул Конгресс өз ара пайдалуу кызматташтыктын жана достуктун жаңы этабынын башталышы болуп, миллиондогон эмгекчилердин кызыкчылыгына кызмат кылат».
Конгресс учурунда ОПТГнын Жаргысынын жаңы редакциясы кабыл алынып, жетекчилик органдар шайланды.
Кыргызстандын Кесиптик кошуундар федерациясынын төрагасы Мурадил Жумадилде уулу уюмдун вице-президенти болуп шайланды — бул анын аймактагы кесиптик кошуундар кыймылын бириктирүүдөгү жеке салымынын жана лидерлик сапаттарынын таанылышы болду.
Конгресстин катышуучулары үзгүлтүксүз жолугушууларды өткөрүү, тажрыйба алмашуу жана негизги багыттар боюнча аракеттерди координациялоо — эмгекчилердин укуктарын коргоо, социалдык адилеттүүлүктү чыңдоо, кесиптик кошуун лидерлерине арналган билим берүү программаларын өнүктүрүү жана санариптик заманбап инструменттерди киргизүү боюнча макулдашышты.
Анкара шаарында өткөн түрк мамлекеттеринин кесиптик кошуундар уюмунун биринчи Конгресси жөн эле иш-чара болбостон, эмгек, тилектештик жана адилеттүүлүк баалуулуктарынын айланасында түрк дүйнөсүнүн биримдигинин жаңы этабынын символу болду. Бул окуя күчтүү жана таасирдүү кесиптик кошуундар кыймылын түзүүгө жол ачып, миллиондогон эмгекчилердин кызыкчылыктарын коргоого жана бүтүндөй аймактын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө таасир этүүгө өбөлгө болот.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.