Айпери Медет кызы дүйнөлүк чемпионаттын финалына чыкты

Айпери Медет кызы Хорватияда өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын финалына чыкты.

Ал 76 кг чейин болгон салмак категориясында ат салышып, мелдешти 1/8 финалдан баштаган. Алгач 19 жаштагы Түркиянын жаштар арасындагы (U-23) Европа чемпионун мөөнөтүнөн мурда утуп алды.
 
Чейрек финалда Медет кызы АКШдан келген учурдагы Панамерика чемпиону менен күч сынашты. Кыргыз балбаны 2:3 эсеби менен утулуп жаткан, бирок беттештин аягына 10 секунд калганда жеңишти тартып алды.
 
Финалга чыгуу үчүн болгон таймашта Медет кызы учурдагы Европа чемпиону, Украинадан келген балбан менен беттешти. 6 мүнөттүк күрөштүн жыйынтыгында кыргызстандык спортчу жеңишке жетишип, финалга жолдомо алды.
 
Алтын медаль үчүн чечүүчү кармашта Медет кызы Эквадордон келген Генесис Росангела Валдез менен күч сынашат. Бул беттеш 17-сентябрда өтөт.
 
76 кг чейин
 
1/8 финал
Айпери Медет кызы – Элмира Ясин (Түркия) — 10:0
 
1/4 финал
Айпери Медет кызы – Кэйли Рене Уэлкер (АКШ) — 8:3
 
Жарым финал
Айпери Медет кызы – Анастасия Алпеева (Украина) — 10:5
 
Финал
Айпери Медет кызы – Генесис Росангела Валдез (Эквадор)

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз