Медицина боюнча Нобель сыйлыгына америкалык жана жапон окумуштуулары ээ болушту
Физиология жана медицина боюнча Нобель сыйлыгы америкалык окумуштуулар Мэри Э. Бранкоу, Фред Рамсделл жана жапон окумуштуусу Шимон Сакагучиге «перифериялык иммундук толеранттуулук» жаатындагы ачылыштары үчүн ыйгарылды.
Бул контексттеги толеранттуулук — бул иммундук системанын организм үчүн коопсуз болгон дүүлүктүргүчтөргө, өзгөчө өзүнүн антигендерине реакция кылбоо жөндөмдүүлүгү. Ал организмдин эрте өнүгүү баскычтарында калыптанат жана буга чейин иммундук системанын «үйрөнүүсү» ошол этапта эле токтойт деп эсептелип келген. 2025-жылкы Нобель сыйлыгынын лауреаттары бул түшүнүк туура эмес экенин көрсөтүштү.
Алар иммундук системанын «күзөтчүлөрүн» — регулятордук Т-клеткаларды аныктап, жаңы илимий изилдөө багытынын пайдубалын түптөшкөн, деп айтылат Нобель комитетинин басма сөз билдирүүсүндө.
Бул ачылыштардын негизинде учурда клиникалык сыноолордон өтүп жаткан жаңы дарылоо ыкмалары иштелип чыкты.
Окумуштуулар бул ыкмалар аутоиммундук ооруларды дарылоого же айыктырууга, ракты натыйжалуу дарылоого жана сөңгөк клеткаларын трансплантациялагандан кийинки олуттуу татаалдашууларды алдын алууга жардам берет деп үмүттөнүшөт.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.