АКШнын бардык ири шаарлары чөгөт,- изилдөө

Хьюстон шаары, АКШ.

АКШнын эң калктуу 28 шаары боюнча жүргүзүлгөн жаңы изилдөө алардын баары белгилүү бир деңгээлде чөгүп жатканын көрсөттү. Бул шаарлардын катарында деңиз жээгинде жайгашкандар эле эмес, ички аймактардагы шаарлар да бар, деп жазат "CentralAsia" басылмасы.
 
Изилдөөнүн авторлору жаңы, так маалыматтарды колдонуу менен кээ бир шаарларда жердин чөгүү ылдамдыгы ар кандай аймактарда айырмаланып турарын, ал тургай кээ бир жерлерде жер чөгүп, айрым жерлерде көтөрүлүп жатканын аныкташкан. Бул болсо имараттарга жана башка инфраструктурага таасир этүүчү стресс-күчтөрдү жаратышы мүмкүн. Изилдөөчүлөрдүн айтымында, мындай кыймылдардын эң кеңири таралган себеби – жер алдындагы суулардын көп көлөмдө алынуусу. Айрым аймактарда болсо башка факторлор да ролду ойнойт.
 
«Шаарлар кеңейген сайын, биз алардын чөккөн аймактарга жайылып бара жатканын байкайбыз», — дейт изилдөөнүн башкы автору, Колумбия университетинин Климат мектебиндеги Ламонт-Догерти Жер обсерваториясынын постдоктордук изилдөөчүсү Леонард Охенен. «Убакыт өткөн сайын бул чөгүү инфраструктурага кооптуу деңгээлдеги жүктөм алып келиши мүмкүн».
 
Жакарта, Венеция жана Нью-Орлеан сыяктуу жээктеги шаарлардын ылдам чөгүүсү буга чейин эле көңүлдү бурдурган. Акыркы жылдары АКШнын Чыгыш жээги жана башка аймактардагы көптөгөн жерлердин чөгүп жатканы аныкталган. Бирок мурдагы изилдөөлөр, негизинен, кеңири аймактарды камтыган, так эмес маалыматтарга таянган.
 
Бул жолу изилдөөчүлөр АКШдагы 600 миңден ашык калкы бар бардык шаарларды карап чыгып, спутниктен алынган акыркы маалыматтарды колдонуп, 28x28 метр болгон майда торчолордо жердин вертикалдык кыймылын миллиметрге чейин так өлчөшкөн. Натыйжада 28 шаардын 25инде аймактын кеминде үчтөн эки бөлүгү чөгүп жатканы аныкталган. Жалпысынан бул аймактарда 34 миллионго жакын адам жашайт.
 
Эң ылдам чөгүп жаткан шаар — Хьюстон: анын аймагынын 40%дан ашыгы жылына 5 миллиметрден көп ылдамдыкта чөгүүдө, ал эми 12% аймак бул көрсөткүчтөн эки эсе ылдамыраак чөгүүдө. Кээ бир жерлерде жылдык чөгүү 5 сантиметрге (2 дюйм) чейин жетет. Техастын Форт-Уэрт жана Даллас шаарлары да Хьюстондон көп артта калган эмес. Башка шаарлардагы локалдуу чөгүү аймактары Нью-Йорктогу ЛаГуардия аэропортунун айланасын, Лас-Вегас, Вашингтон жана Сан-Францисконун айрым бөлүктөрүн камтыйт.
 
Мындан тышкары, изилдөөчүлөр жер алдындагы сууларды алуу боюнча округдук деңгээлдеги маалыматтарды талдап, аларды жер кыймылдары менен салыштырышкан. Натыйжада чөгүүнүн 80% негизги себеби — адамдын муктаждыгы үчүн жер алдынан суу алуу экени аныкталган. Бул, адатта, майда данектүү катмарларда жайгашкан суу катмарларынан суу алууда болот. Эгер суу кайрадан толукталбаса, буга чейинки суу толтурган боштуктар басылып, жер астындагы катмарлар кысылып, жер үстү чөгөт. Техаста бул маселе мунай жана газ чыгаруу менен дагы курчуп жатат.
 
Изилдөөчүлөр калктын өсүшү, суу керектөөнүн жогорулашы жана айрым аймактарда болуп жаткан кургакчылык бул көйгөйдү ого бетер күчөтөрүн белгилешет.
 
Кээ бир аймактарда табигый күчтөр да чөгүүгө себеп болууда. Мисалы, 20 миң жыл мурун Түндүк Американын көп бөлүгүн жапкан чоң муз каптагынын салмагы анын чет жактарындагы жерлердин көтөрүлүшүнө себеп болгон. Бул процесс асмандагы шарды бир тарабынан басканда экинчи жагы көтөрүлгөндөй. Муз каптагы кеткени менен, ошол көтөрүлгөн жерлер азыркыга чейин жылына 1–3 миллиметр ылдамдыкта чөгүүдө. Бул процесстен Нью-Йорк, Индианаполис, Нэшвилл, Филадельфия, Денвер, Чикаго жана Портленд сыяктуу шаарлар жабыркап жатат.
 
Кээ бир учурларда имараттардын өзү да жерди басып, чөгүүгө салым кошуп жатышы мүмкүн. 2023-жылдагы бир изилдөө Нью-Йорктогу 1 миллионго жакын имарат жерге олуттуу басым жасап, шаарды акырындык менен чөгүп жатканына себеп болушу мүмкүн экенин көрсөткөн. Майамидеги дагы бир изилдөө жаңы имараттардын курулушу жер астындагы катмарларды бузуп, эски имараттардын чөгүшүнө алып келерин белгилеген.
 
Жаңы изилдөөгө ылайык, сегиз шаарда — Нью-Йорк, Чикаго, Лос-Анджелес, Финикс, Хьюстон, Филадельфия, Сан-Антонио жана Даллас — чөгүп жаткан жерлерде жашаган элдин 60% ашыгы жашайт. Бул сегиз шаарда 2000-жылдан бери 90дон ашык ири суу ташкындары катталган, алардын айрымдары жер рельефинин төмөндөшүнө байланыштуу болушу мүмкүн.
 
Дагы бир маанилүү тыянак: айрым шаарларда жер бетинин кыймылы бир калыпта эмес. Кошуна аймактар ар башка ылдамдыкта чөгүп же көтөрүлүп жатат. Кээ бир учурларда жер көтөрүлүп жатканы суу катмарларынын ылдам толукташынан улам болушу мүмкүн — мисалы, дарыялардын жанында. Бул көрүнүш үч шаарда — Жэксонвилл (Флорида), Мемфис (Теннесси) жана Сан-Хосе (Калифорния) — жалпы чөгүүнү толугу менен компенсациялаган учурлар бар.
 
Дифференциалдуу кыймыл өзгөчө коркунучтуу. Авторлор белгилегендей, эгер шаардагы жер бүтүндөй бирдей ылдамдыкта көтөрүлүп же чөгүп жатса, бул анчейин кооптуу эмес. Бирок аймактар түрдүү ылдамдыкта кыймылдаса, имараттарда жана инфраструктурада кыйшайуу жана жаракалар жаралышы мүмкүн.
 
«Суу ташкынына байланышкан чөгүү коркунучунан айырмаланып, инфраструктурага келтирилүүчү зыян жер кыймылы өтө эле аз болгондо да болушу мүмкүн», — деп белгилешет изилдөөчүлөр.
 
Изилдөөдө 28 шаардагы жалпы аянттын болгону 1% чамалуу бөлүгү гана дифференциалдуу кыймылдын курулуштарга терс таасирин тийгизиши мүмкүн болгон аймактар экенин көрсөттү. Бирок бул зоналар, негизинен, шаарлардын эң тыгыз курулган борбордук бөлүктөрү болуп эсептелет. Бул жерлерде 29 миңге жакын имарат жайгашкан. Эң кооптуу шаарлар — Сан-Антонио (ар бир 45 имараттын бири жогорку коркунучта), Остин (1/71), Форт-Уэрт (1/143) жана Мемфис (1/167).
 
Охенен белгилегендей, бул аймактардагы конкреттүү имараттар үчүн чыныгы коркунуч деңгээли азырынча толук аныктала элек; муну так аныктоо үчүн дагы терең анализ талап кылынат. 1989–2000-жылдар аралыгында АКШда болгон 225 имараттын урашы боюнча жүргүзүлгөн мурдагы изилдөө алардын болгону 2% гана жер чөгүүсүнө түз байланыштуу болгонун көрсөткөн. Бирок 30% учурдун себептери белгисиз бойдон калган, бул болсо чөгүү фактору андан чоң роль ойногон болушу мүмкүн деген божомолду жаратууда.
 
Изилдөө жыйынтыгында шаарлар бул жаңы маалыматтарды колдонуп, чечимдерди табууга тийиш экени айтылат. Мисалы, кээ бир жерлерде суу ташкынын алдын алуу үчүн жерди көтөрүү, дренаж системаларын жакшыртуу жана суу соргуч "жашыл" инфраструктура — мисалы, жасалма саздак жерлерди пайдалануу сунушталат. Ал эми жер кыймылынан жапа чеккен аймактарда имараттарды бекемдөө, жердин кыймылын эске алган курулуш эрежелерин иштеп чыгуу жана жаңы курулушту кооптуу зоналарда чектөө талап кылынат.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз