Ош: Башпаанеги жок адамдарды калкалоочу муниципалдык ишкана ачылат

Сүрөт: "Турмуш".

Бүгүн, 10-октябрь күнү Ош шаардык кеңешинин XV сессиясында "Туруктуу жашаган жери жок адамдар үчүн түнкү башпаанек" муниципалдык мекемесин түзүүгө макулдук берүү жөнүндө " маселеси каралды. Анда депутаттар суроо-сунуштарын беришти. 

Вице-мэр Салтанат Аманова бул муниципалдык мекеме түзүлсө 50-70 башпаанеги жок адамдарды калкалоо милдетин аткарарын билдирди. 

"Бул пилоттук долбоорду колдоп берсеңиздер, адамдар менен  реабилитациялык иштерди баштайбыз", - дели Аманова. 

Депутаттар бул мекеме түзүлө электе башпаанеги жок адамдар кайра каралганын сурады. 

Салтанат Аманова буга чейин шаардык кеңеш ушундай эле маселеге бөлүнгөн 300 миң сом менен кышта гана адамдар караларын айтты. 

Ошондой эле депутаттар аталган муниципалдык мекеменин бюджети 2 млн 700 миң сомду түзөрүн айтып, бул акча жетпей турганын айтышты. 

"Азыр тиешелүү статистикалар бар. Алар ооруп калганда тез жардам алып кетет, анда алардын башпаанеги жок экени билинет", - деди ал. 

Ошондой эле Аманова башпаанеги жок адамдар көчмөн турмуш кечирерин,  кээде алар Бишкекте, кээде Ошто, кээде башка шаарда болорун айтты. 

"Ошондуктан булар ооруп калса, жугуштуу оорулары болсо, башкалардан оолак кармаганга шарт түзүлөт", - деди ал. 

Жыйынтыгында токтом долбоору добушка коюлуп, депутаттар тарабынан колдоо тапты. 

"Ынтымак" фракциясынын депутат Айдар Камалов бул маселени комитетте карашканын, мекеме социалдык мекемелерге окшошпостугун айтты.

"Бул пилоттук долбоор катары мекеме түзүлүп жатат. Мында кыш айында гана башпаанеги жок адамдарга башпаанек берүү эле болуп саналат. Анда мекеме дарылабай, башка кылбайт. Башпаанек гана берет. А бул пилоттук долбоор жакшы иштеп кетсе гана, адамдарды реабилитациялоо иштерин  кошсок болот", - деди Камалов.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз