Нобелдин тынчтык сыйлыгы Венесуэланын оппозициялык саясатчысы Мария Корино Мачадого ыйгарылды

2025-жылы Тынчтык боюнча Нобель сыйлыгынын лауреаты болуп Венесуэланын саясатчысы жана коомдук ишмери, оппозиция лидерлеринин бири — Мария Корина Мачадо тандалды. Ал бул сыйлыкка «Венесуэла элинин демократиялык укуктарын илгерилетүү жана диктатурадан демократияга адилеттүү, тынч өтүү үчүн күрөшкөн тынымсыз аракети үчүн» татыктуу болду, деп жазат "CentralAsia" басылмасы.

Мачадого 11 миллион швед кронасы (болжол менен 1,2 миллион АКШ доллары) берилет. Сыйлык Альфред Нобелдин көз жумган күнү — 10-декабрда, Осло шаарында тапшырылат.

Норвегиянын Нобель комитетинин төрагасы Йорген Ватне Фрюднес мындай деди:

«Мария Корина Мачадо — Венесуэладагы демократиялык кыймылдын лидери жана акыркы жылдардагы Латын Америкасындагы жарандык кайраттуулуктун эң көрүнүктүү үлгүлөрүнүн бири. Ал мурда бөлүнүп-жарылган оппозицияны бириктирип, эркин шайлоо жана өкүлчүлүктүү башкарууну талап кылуу максатында бирдиктүү күчкө айланткан негизги фигура болуп калды».

Ал дагы мындай деп кошумчалады:

«Өткөн жылы Мачадо айым жашырынууга аргасыз болгон. Өмүрүнө олуттуу коркунуч жаралганына карабай, ал өлкөдөн кетпей, калууну тандады. Бул чечими миллиондогон адамдарга дем берди. Авторитардык күчтөр бийликти басып алган учурда, эркиндик үчүн күрөшкөн кайраттуу адамдарды таануу өтө маанилүү».

Тынчтык боюнча Нобель сыйлыгы «элдерди жакындатууга, аскерлердин санын кыскартууга, тынчтык конференцияларын уюштурууга жана аларга көңүл бурууга өзгөчө салым кошкон адамдарга» ыйгарылат. Альфред Нобелдин осуяты боюнча бул сыйлыктын лауреаттарын Швеция эмес, Норвегиянын парламенти тарабынан дайындалган беш мүчөдөн турган Норвегиянын Нобель комитети аныктайт.

Быйыл сыйлыкка 338 талапкер (алардын ичинен 244 жеке адам жана 94 уюм) көрсөтүлгөн, алардын катарында АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп да бар.

2024-жылы Тынчтык боюнча Нобель сыйлыгы «Нихон Хиданкё» (Nihon Hidankyo) аттуу жапон уюмуна — Хиросима жана Нагасакиге атомдук бомба ташталганда аман калган адамдарды бириктирген уюмга берилген. Алар бул сыйлыкка «дүйнөнү ядролук куралсыз кылуу жана ядролук курал кайра колдонулбашы керек экенин далилдөө аракеттери үчүн» ээ болушкан.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз