Пекинде 26 өлкөнүн лидерлеринин катышуусунда ири аскердик парад өттү. Видео

Пекин шаарындагы Тяньаньмэнь аянтында Япониянын багынып бергенине жана Экинчи дүйнөлүк согуштун аяктагандын 80 жылдыгына арналган аскердик парад өттү. Бул тууралуу "CentralAsia" басылмасы  «Би-би-си» шилтеме берүү менен жазды.

Парад башталар алдында Кытай лидери Си Цзиньпин кызыл килемде Орусиянын президенти Владимир Путинди жана Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ынды тосуп алды. Андан кийин лидерлер трибунага чогуу чыгып, алардан соң башка дүйнө лидерлери да орун алды. Жалпысынан парадга 26дан ашык мамлекет башчылары катышты.
 
«Адамзат кайрадан тынчтык менен согуштун, диалог менен каршылыктын, өз ара пайдалуу кызматташтык менен нөлдүк суммадагы оюндардын ортосунда тандоого туш болууда», — деди Кытай лидери өз сөзүндө.
 
Анын айтымында, «кытай улутунун кайра жаралышын эч ким токтото албайт», ал эми дүйнөдөгү бардык өлкөлөр «согушка алып келген түпкү себептерди жоюшу жана тарыхый трагедиялардын кайталанышына жол бербеши керек».
 
«Жалпы коопсуздукка жетишүүгө мүмкүнчүлүк бар, эгерде дүйнөдөгү мамлекеттер бири-бирин тең көрүп, ынтымакта жашап, бири-бирин колдосо гана», — деп кошумчалады Си Цзиньпин аскердик бөлүктөрдү карап чыгаар алдында.
 
Параддын алкагында Тяньаньмэнь аянтында жаңы абадан коргонуу техникалары көрсөтүлүп, анын ичинде HQ-19, HQ-12 жана HQ-29 сыяктуу заманбап алты ракеталык система тааныштырылды.
 
Иш-чаранын комментаторунун айтымында, бул курал-жарактар өлкөнүн аба мейкиндигин жана тынчтыгын сактоодо негизги роль ойнойт. Алар абадан коргонуу аскердик колоннасынын бир бөлүгү катары көрсөтүлдү.
 
Кытай ошондой эле абадан коргонуу үчүн эки түрдүү лазердик куралды тааныштырды, анын ичинде ири лазердик система да бар. Мамлекеттик телеканалдын маалыматына караганда, ал курал кийинчерээк аскердик кемелерге орнотулат.
 
70 мүнөткө созулган параддын жүрүшүндө учактардын учушу, аскерлердин марш жасоосу жана жаңы үлгүдөгү аскердик техника көрсөтүлдү: гиперүндүү ракеталар, учкучсуз аппараттар жана танктар.
 
Парад башталары менен АКШнын президенти Дональд Трамп өзүнүн Truth Social социалдык тармагындагы баракчасына пост жазып, анда ал Орусияны, Кытайды жана Түндүк Кореяны АКШга каршы «кутум даярдап жатат» деп айыптады.
 
«Башкы суроо — Кытай төрагасы Си Кошмо Штаттардын көрсөткөн зор колдоосун жана кандуу курмандыгын эскереби же жокпу. АКШнын көптөгөн жарандары Кытайдын эркиндикке жана жеңишке жетиши үчүн курман болушкан», — деп жазды Трамп.
 
Ошондой эле ал Кытай жетекчисине жана кытай элине «майрамыңар кут болсун» деп каалоо билдирди.
 
«Владимир Путин менен Ким Чен Ынга да саламымды жеткирип коюңуздар, сиздер Америка Кошмо Штаттарына каршы заговор даярдап жаткан чакта», — деп кошумчалады Трамп.
 
Экинчи дүйнөлүк согуштун аякташынын 80 жылдыгына арналган бул парад Кытай тарыхындагы эң ири аскердик иш-чара болуп калды.
 
Тяньаньмэнь дарбазасында илинген Кытай Коммунисттик партиясынын негиздөөчүсү Мао Цзэдундун портрети сегиз чоң мамлекеттик желек менен курчалды.
 
Дүйнөлүк лидерлер турган жердин жанында, Эл өкүлдөрүнүн үйүнүн алдында Экинчи дүйнөлүк согуштун аякташын эскерген эки ири гүл композициясы коюлду. Ошол жерде 50 миңге жакын коноктор үчүн орун даярдалды.
 
Парад алдында Пекинде коопсуздук чаралары күчөтүлдү — марш өтө турган маршрут гана эмес, шаар боюнча башка жерлерде да көзөмөл күчөтүлдү. Айрым кеңселердин кире беришине аэропорттогудай сканерлер орнотулду. Шаар үстүнөн дрондордун учушуна тыюу салынды. Көпүрөлөрдүн жана жол айрыктардын жанында сутка бою күзөт кызматкерлери турду, айрымдары аскердик кийимчен болду.
 
Алты жылдан берки алгачкы парадга даярдыкка бир нече ай сарпталды. Пекинде 200 миңден ашык желек илинди, маанилүү жолдордун боюнда жана кесилиштеринде гүлдүү инсталляциялар коюлду, ал эми бизнес квартал жаңы жарыктандырууга ээ болду.
 
Аскердик жүрүш Тяньаньмэнь аянтынан башталып, шаардын негизги проспектиси — Чанъаньцзе көчөсү аркылуу өттү. Репетициялар маалында ошол көчөнүн тургундарынан балкондорго чыкпоону өтүнүшкөн, параддын деталдары жашыруун кармалышы үчүн. Маршруттун боюндагы мектептер, мейманканалар, дүкөндөр жана кеңселер эки күнгө жабылды. Шаардык велосипедди ижарага алуу да дээрлик мүмкүн болгон жок.
 
Масштабдуу иш-чара бир эле учурда бир нече максатты көздөйт: дүйнөгө Кытайдын аскердик жана дипломатиялык күчүн көрсөтүү жана өлкө ичинде улуттук сыймыкты жана патриоттуулукту жандандыруу.
 
Кытай үчүн Экинчи дүйнөлүк согуш — бул «жапон агрессиясына каршы элдик каршылык согушу».

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз