Эрлан Шеров дзюдо боюнча Европа кубогунда коло медаль тагынды

Кыргызстандык Эрлан Шеров Испанияда өткөн дзюдо боюнча Европа кубогунда 3-орунду ээледи.

Европа кубогунун кезектеги этабы 11–12-сентябрда Испаниянын Малага шаарында өттү.

Шеров 90 кг чейинки салмак категориясында күч сынашып, таймаштарын 1/16 финалдан баштаган.

Биринчи беттеште ал испаниялык спортчуну жеңип, андан кийин грузин балбанына утулуп калган. Бирок кыргызстандык «жубатуу турниринде» (утешительный турнир) күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алган.

«Жубатуу» этабында Шеров португалия, Швеция, Германия жана Мароккодон келген төрт атаандашын жеңип, жыйынтыгында 3-орунду ээлеп, турнирдин коло медалын тагынды.

Ошондой эле бул мелдешке 66 кг чейинки салмактагы Эрбол Абасбеков да катышып, эки беттеш өткөргөн. Бирок ал Испаниянын эки спортчусуна утулуп калган.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз