Айнегин мыйзамсыз караңгылатып, жасалма номур менен жүргөн Mercedes айып короого киргизилди

12-октябрга караган түнү Милициянын кайгуул кызматкерлери жасалма мамлекеттик номур тагылган Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унааны токтотушкан.

Кайгуул кызматтын маалыматына караганда, текшерүү маалында айдоочуда айдоочулук күбөлүк жок экени, ал эми унаанын алдыңкы каптал айнектери мыйзамсыз түрдө кара пленка менен жабылганы аныкталган.

Унаа айып короого киргизилип, айдоочуга карата мыйзам бузуу фактысы боюнча жалпы 55 миң сом өлчөмүндө айып салынган.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз