Оштун мурдагы чинвониктери боюнча облустук соттун өкүмү чыкты
Ош шаарынын экс-вице-мэри Жасур Азимов, Шаар куруу жана архитектура боюнча Ош регионалдык башкармалыгынын мурдагы башчысы Алтынбек Токошев, Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын мурдагы башчысы Ашимжан Семетеев боюнча Ош облустук сотунун өкүмү чыкты, деп жазат "Турмуш" басылмасы.
Ош облустук сотунун басма сөз кызматы кабарлагандай, Ош облустук коллегиясы жогорудагы 3 жаранды тең Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренсинин 3-бөлүгү боюнча күнөөлүү деп таап, 300 миң сом айып пул салган. Ал эми Ашимжан Семетеев боюнча биринчи инстанциянын өкүмү күчүндө калган.
Маалыматка караганда, Ош облустук сотунун 2025-жылдын 20-февралындагы өкүмү менен Кыргыз Республикасынын КЖКнин 337-бер. 3-бөлүгү менен айыпталуучу А.Ж.М. (Жасур Азимов, экс-вице-мэр) күнөөлүү деп табылып, 3000 эсептик көрсөткүчтө, т.а. 300 000 (үч жүз мин) сом айып салынган.
Ош облустук сотунун 2024-жылдын 23-декабрындагы өкүмү менен Кыргыз Республикасынын КЖКнин 337-бер. 3-бөлүгү менен айыпталуучу Т.А.А. (Алтынбек Токошев) күнөөлүү деп табылып, 3000 эсептик көрсөткүчтө, т.а. 300 000 (үч жүз мин) сом айып салынган.
Ош облустук сотунун 2025-жылдын 26-майындагы өкүмүнүн негизинде Ош шаардык сотунун 2025-жылдын 18-февралындагы айыпталуучу С.А.Э. (Ашимжан Семетеев) жөнүндөгү өкүмү өзгөртүүсүз калтырылган.
«Кыргыз Республикасынын КЖКнин 337-беренесинин 3-бөлүгү менен айыпталуучу П.А.А. (Алтынбек Пирматов) жазык иши Ош облустук сотунун өндүрүшүндө каралууда.
И. Сансызбаев боюнча шаардык соттун 1 млн айып пул салган өкүмү күчүндө»,- деп айтылат маалыматта.
Буга чейин Ош шаардык соту Ашимжан Семетеев, Алтынбек Пирматов, Алтынбек Токошев, Жасур Азимов, Ильяз Сансызбаевдерге 1 млн айып пул салган.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.