Ломоносов мектебинде рэкетчилик фактысы катталган

Бул тууралуу бүгүн, 3-июлдагы Ош шаардык кеңешинин кезектеги сессиясында "Жаңы Кыргызстан" фракциясынан депутаты Зарина Чилова билдирип, бул маселе боюнча кандай чаралар колдонулганын сурады. 
 
Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Тынчтыкбек Досмуратов мектеп жетекчилигине сөгүш берилгенин айтты.
 
"Соцпедагог эмгектик өргүүдө болгонуна байланыштуу аны күтүп атабыз. Келсе ага да чара көрүлөт",- деди ал.
 
Депутат рэкетчилик жоюлду деп айтылганы менен дале бардыгын кошумчалады.
Ош шаардык милициясынан билдиришкендей, башкармалыктын Сулайман-Тоо милиция бөлүмү тарабынан бул окуяга тиешеси бар окуучулардын баары аныкталып, педагогикалык жамаат менен биргеликте түшундүрүү иштери жүргүзүлгөн. 
 
“Профилактикалык максатта каттоого алынган. Бул окуя боюнча балдарды урган 2 баланын ата-энесине КР Укук бузуулар кодексинин 102-беренесине ылайык айыппул салынган. Учурда, ал окуучулар милициянын жашы жетелектер менен иштөө инспекциясы тарабынан көзөмөлдөнүүдө. 
 
Тилекке каршы жаш балдардын ортосундагы пикир келишпестикке тараптардын ата-энелери дагы катышып, тараптар бири-бирине арыз жазышкан. Учурда видеодогу аялдын үстүнөн бейбаштык менен кылмыш иши козголуп, (баласы менен пикир келишпеген баланын апасына жана баласына кол көтөргөнү үчүн жана атайын экспертизанын жыйынтыгы менен ден соолуктун бузулушуна алып келген жаракат болгон) кылмыш иши менен таанышуу үчүн Ош шаарынын прокуратурасына жөнөтүлгөн.
 
Ал эми кайрылуу жасаган аялга дагы арызына ылайык жаратын аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалган, бирок, ал аял убагында экспертизадан өткөн эмес, кийин 25-июнда өткөн. Учурда Ош ШИИБдин жетекчилиги тарабынан бул иштер көзөмөлгө алынды”,-деп айтылат маалыматта.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз