УКМК Манас автомектептериндеги экзамендерди өткөрүүдөгү коррупциялык схемага бөгөт койду

Манас шаарында автомектептин курсанттарынан практикалык экзамен алууда коррупциялык схема уюштургандыгы үчүн “Унаа” мекемесинин Жалал-Абад регионалдык бөлүмүнүн кызматкерлери кармалды.

УКМКнын маалыматына ылайык, мекеме кызматкерлери жеке автомектептердин инструкторлору менен алдын ала сүйлөшүп, айдоочулук практикалык экзаменди оң баа менен тапшыруу үчүн курсанттардан системалуу түрдө акча чогултуп турган.

Курсанттар 5 миңден 10 миң сомго чейин акчаны ортомчуларга (жарандык адамдар) берип, ал ортомчулар өз кезегинде "Унаа" кызматкерлери аркылуу оң баа алуу мүмкүнчүлүгүн камсыздашкан.

УКМКнын билдиришинче, күнүнө 10–15ке чейин курсант бул схема аркылуу экзамен тапшырып турган. Ушундай жол менен уюштуруучулар күнүнө 30 миңден 50 миң сомго чейин мыйзамсыз киреше көрүшкөн.

10-октябрда пара алып жаткан учурунда “Унаа” кызматкерлери жана алардын шериктери — Б.М.М., Д.Т.А., С.Э.А. жана М.Б.А. кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз