БШК 20 жана 30-октябрда аралыктан добуш берүүнүн тесттик түрүн өткөрөт

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 2025-жылдын 20 жана 30-октябрында аралыктан добуш берүүнүн тесттик добуш берүүсүн өткөрөт.

БШКнын маалыматына караганда, бул иш-чаранын максаты — жарандарга аралыктан добуш берүү тартибин көрсөтүү жана жаңы ыкманын иштөөсүн текшерүү.

Ар бир шайлоочу ушул күндөрү каалаган шайлоо участогуна барып, аралыктан добуш берүү системасынын иштөөсүн жеке текшере алат.

Быйылкы парламенттик шайлоодо аралыктан добуш берүү биринчи жолу колдонулат. Жаңы система шайлоочуларга ыңгайлуу шарт түзүүгө багытталган.

БШК белгилегендей, шайлоо күнү жаран үйүндө болбой калса — мисалы, иш сапарда, ооруканада же башка шаарда жүрсө — жашаган жеринен маалымкат алуу же алдын ала каттоого туруу талап кылынбайт. Добуш берүү үчүн ID-карта, чет өлкөлүк паспорт же «Түндүк» тиркемеси жетиштүү.

Добуш берүү күнү жаран кайсы жерде болбосун, ошол аймактагы жакын шайлоо участогуна барып, өз шайлоо участогунун бюллетенин алып добуш бере алат.

Чет өлкөдө жүргөн шайлоочулар да аралыктан добуш бере алышат. Ал үчүн элчиликке же консулдукка алдын ала катталуу зарыл эмес — добуш берүү күнү элчилик ачкан шайлоо участогуна баруу жетиштүү.

Шайлоочулар өздөрүн тизмеден текшерүү үчүн www.tizme.gov.kg сайтына кирсе, 1255 же 119 номерине чалса же «119» кыска номерине ПИН-кодун жиберсе болот. SMS жана чалуу акысыз.

Мындан тышкары, тесттик добуш берүүнүн жүрүшүндө аэропорттордо, ири базарларда, соода борборлорунда жана айрым ооруканада атайын участоктор ачылары белгиленди.

БШК жарандарды 20 жана 30-октябрда өтө турган тесттик добуш берүүгө катышууга чакырат.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз