Кыргызстанга келгендердин саны өсүп жатат, - Улуттук статистика комитети
Акыркы төрт жыл ичинде Кыргызстанга келген адамдардын саны өсүүдө: эгер 2020-жылы 961 киши келген болсо, 2024-жылы бул көрсөткүч 14 миң 669 адамга жеткен. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин демографиялык жылдык жыйнагында айтылат.
Келгендердин көпчүлүгүн кыргыздар түзөт — 2024-жылы алардын саны 10 миң 63 адамды түзгөн. Андан кийинки орунда өзбектер — 1857 адам. Калган улуттардын ичинен орустар — 1744, дунгандар — 133, казактар — 54, корейлер — 95 жана тажиктер — 114 адам болгон.
Жалпысынан 2024-жылы Кыргызстанга 25тен ашуун улуттун өкүлдөрү келишкен. Алардын катарында армяндар, белорустар, грузиндер, татарлар, украиндер жана башкалар бар.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.




