Кыргызстандын волейбол боюнча аялдар курамасы дүйнө чемпионатында алгачкы жеңишине жетишти
Кыргызстандын аялдар пляждык волейбол боюнча курама командасы Мексикада өтүп жаткан жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында биринчи жеңишин камсыз кылды.
21 жашка чейинки спортчулар арасында өтүп жаткан бул турнир учурда Пуэбла шаарында 32 курама команданын катышуусу менен уланууда.
18-октябрда мелдештин топтук этабынын акыркы оюн күнү болуп өттү. Кыргызстан курама командасы — Роза Расулбек кызы менен Айтурган Айтбекованын дуэти — Египеттин командасына каршы оюн өткөрүп, 2:1 эсебинде (21–16, 19–21, 15–10) жеңишке жетишти.
Буга чейин кыргызстандык спортчу кыздар Австралия жана Нидерландия командаларына утулуп калышкан эле.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.




