Садыр Жапаров Элдик курултайдын күнүн жылдырды
Президент Садыр Жапаров Элдик курултайдын IV жыйынын өткөрүү тууралуу жарлыкка өзгөртүүлөрдү киргизди.
Жаңы документке ылайык, IV Элдик курултай буга чейин пландалган 22-декабрдын ордуна 25-декабрда өтөт.
Буга чейин төмөнкүлөр бекитилгени маалымдалган:
тиркемеге ылайык, 700 делегатка квоталардын бөлүштүрүлүшү;
курултайды өткөрүү, делегаттарды шайлоо жана координациялоо боюнча уюштуруу комитетинин убактылуу жобосу;
уюштуруу комитетинин курамы.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.




