Өлүм менен коштолгон жол кырсыгына айыпталып жаткан 17 жаштагы жигит кандай жаза алат?
18-октябрда Бишкек шаарында жол кырсыгы болуп, анын кесепетинен 13 жаштагы өспүрүм каза болду, дагы үч жигит (18–19 жашта) ар кандай жаракат алышты. Кырсыкка шектүү катары борбордун 17 жаштагы тургуну кармалды, деп жазат "Сводка АКИпресс" басылмасы.
Кечки саат 9 чамасында «Лексус RX 330» үлгүсүндөгү автоунаа Абдрахманов көчөсү менен бараткан учурда Боконбаев көчөсүнө бурулуп жатып, каршы тилкеде келе жаткан «Тойота Камри» унаасы менен кагылышкан.
Кырсыктын натыйжасында «Тойота» жөө жүргүнчүлөр жүрүүчү жолго ыргып кетип, төрт өспүрүмдү сүзүп кеткен. Натыйжада 13 жаштагы бала окуя болгон жерде эле көз жумган, ал эми 2006 жана 2007-жылы туулган үч өспүрүм ар кандай жаракаттар менен ооруканага жеткирилген. Унаа андан ары барып мамыга урунганда гана токтогон.
Тергөө версиясы боюнча, «Тойотанын» рулунда 2007-жылы туулган А.А. аттуу жигит болгон. Ага карата Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренесинин 2-бөлүгү («Автотранспорт каражаттарын коопсуз пайдалануу эрежелерин бузуу») боюнча кылмыш иши козголгон. Шектүү кармалып, Биринчи Май райондук сотунун чечими менен Чүй облусунун Панфилов районунун Вознесеновка айылындагы өспүрүмдөр үчүн атайын колонияга (ВТК-14) киргизилген.
«Сводка АКИpress» редакциясынын булагынын маалыматына караганда, шектүү борбордогу жеке мектептердин биринде 10-класста окуйт. Ал күнү ал апасынын унаасынын ачкычын сурабай эле алып чыгып, айдап кетүүнү чечкен. Өспүрүм буга чейин эч качан айдоочулук күбөлүк албаганы белгилүү болду.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 28-беренесине («Жоопкерчиликке тартылуу жаш курагы») ылайык, кылмыш жасалган учурда 16 жашка толгон адам кылмыш жоопкерчилигине тартылат.
Шектүүгө Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренесинин 3-бөлүгү («Жол кыймылынын жана автотранспорт каражаттарын пайдалануу коопсуздугун бузуу, этиятсыздыктан өзгөчө оор кесепеттерге алып келүү») боюнча айып тагылууда.
Эгер сот аны күнөөлүү деп тапса, жигит 5 жылдан 8 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.




