Бир үйдөгү трагедия: Ошто турак үй өрттөнүп, 6 адам каза болду

Жеринен оперативдүү сүрөт.

Ош шаарынын Жибек-Жолу аймактык башкармалыгынын Орозбеков көчөсүнүн №26 үйүндө таңкы саат 3:30 чамасында турак үйдүн биринчи(подвал) кабатында өрт башталган. Өрт алоолонуп чатырына чыкканда кошуналары көрүшкөн. 

Ош мэриясынан кабарлашккандай, өрт өчүрүүчүлөр келген убакта жарандардын сөөгү таанылгыс күйүк абалда табылган. Тактоо учурунда алар 34 жаштагы энеси, 13, 11, 9, 6 жана 2 жаштагы балдары экени белгилүү болгон.

Учурда жеринде Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев башчылыгында укук коргоо органдары, тиешелүү кызматтар иш алып барууда.


Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз