Алты адамдын өмүрүн алган өрт: Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымат берди
2025-жылдын 22-октябрына караган түнү Ош шаарынын Орозбеков көчөсүндөгү №26 үйдүн жер төлөсүндө өрт чыгып, анын кесепетинен 6 адам каза болду.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, өрт тууралуу маалымат саат 05:56да түшүп, 06:04тө өрт өчүрүүчүлөр окуя болгон жерге жеткен. Өрт саат 06:25те чектөөгө алынып, 09:46да толук өчүрүлгөн. Жалпы күйгөн аянт болжол менен 280 чарчы метрди түзгөн.
Алдын ала маалымат боюнча, турак жайда электр жылытуучу аспап колдонулган. Үй Он-Адыр аймагында жайгашып, учурда оңдоп-түзөөдөн өтүп жаткан. Өрт өчүрүүчүлөр келген учурда үйдүн ичинен күйүк абалында алты адамдын — 34 жаштагы аялдын жана анын 13, 11, 9, 6 жана 2 жаштагы беш баласынын жансыз денелери табылган. Маркумдардын жолдошу учурда Кореяда иштеп жүргөнү маалымдалды.
ӨКМ билдиргендей, «Өрт коопсуздугу жөнүндө» мыйзамдын 16-беренесине ылайык, министрликтин кызматкерлери жеке турак үйлөрдү алдын ала өрт коопсуздугу боюнча текшерүүгө укуктуу эмес. Кырсыктын так себеби учурда аныкталууда.
Жыл башынан бери Ош шаарында 65 өрт кырсыгы катталган. Алардын 28и турак жай секторунда болуп, 33 учур электр шаймандарын туура эмес пайдалануунун кесепетинен чыккан. Өрт коопсуздугун камсыз кылуу максатында ӨКМ кызматкерлери 4211 турак жайда түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, 15 миңден ашуун жаранга коопсуздук эрежелери түшүндүрүлгөн.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.




