Кыргызстандык балбан кыргызстандык машыктыруучу машыктырган египеттик балбандан кол медаль үчүн мелдеште утулуп калды
Кыргызстандын спортчусу Куттубек Абдуразаков Сербияда өткөн грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында коло медаль утуп ала алган жок.
Ал 63 кг салмак категориясында күч сынашып, мелдешти 1/16 финалдан баштаган.
Кыргызстандык балбан алгач Азия чемпиону (U-20) болгон өзбекстандык спортчуну жеңип, андан кийин индиялык каршылашын мөөнөтүнөн мурда утуп чыккан. Чейрек финалда болсо ал Европа чемпионатынын (U-15) коло байге ээси, Нидерланд өкүлүнөн үстөмдүк көрсөткөн.
Абдуразаков жарым финалда чоңдор арасындагы 2025-жылкы дүйнө чемпионатынын коло байге ээси, молдовалык балбан Виталий Еременко менен күрөшүп, ага утулуп калган.
21-октябрда коло медаль үчүн болгон таймашта кыргызстандык спортчу Египеттин өкүлү менен беттешкен. Египет командасын бул чемпионатта Кыргызстандын мурдагы машыктыруучусу Азат Эркимбаев жетектеп жүргөн.
Куттубек Абдуразаков 2:3 эсебинде утулуп, жыйынтыгында 5-орунду ээледи.
63 кг салмактагы жыйынтыктар:
1/16 финал
Куттубек Абдуразаков – Хусниддин Олимбоев (Өзбекстан) — 3:1
1/8 финал
Куттубек Абдуразаков – Гаурав (Индия) — 10:2
1/4 финал
Илиас Лаауина (Нидерланд) – Куттубек Абдуразаков — 5:11
1/2 финал
Куттубек Абдуразаков – Виталий Еременко (Молдова) — 1:9
Коло үчүн беттеш
Куттубек Абдуразаков – Адхам Айман Гариб Абду Эль-Сайед (Египет) — 2:3.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.




