Агартуу министрлиги мектеп окуучуларынын күзгү каникулдары кыскарганын түшүндүрүп берди

 

Агартуу министрлиги окуучулардын күзгү каникулу кыскарган себепти түшүндүрдү.

Окуу жылынын ичинде окуучулар үчүн жалпы 30 календардык эс алуу күнү каралган.

«Жаңы Эмгек кодексинин кабыл алынышы менен январь жана май айларында республика боюнча узак эс алуулар жарыяланган. Ушул өзгөртүүлөрдү эске алуу менен окуучулардын каникулунун узактыгы кыскарган, бирок окуу жылында аларга тиешелүү 30 күн эс алуу сакталат», — деп түшүндүрүштү министрликтен.

Буга чейин маалымдалгандай, күзгү каникул 5–9-ноябрь күндөрү болот. Окуучулар 3 иш күнү жана 2 эс алуу күнү тыныгышат.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз