Суперновалардын жарылуусунан улам Жер бетинде эки чоң кыйроолор болгон

Жер тарыхындагы эки массалык кырылып жок болууга жакынкы supernova-нын (өтө жарык жылдыздын жарылуусу) жарылуусу себеп болушу мүмкүн, деп жазат "CentralAsiа" басылмасы Кил университетинин изилдөөчүлөрүнө шилтеме берип.

Жер тарыхындагы кеминде эки ири массалык кырылып жок болуу окуясы Жерге жакын жайгашкан супернованын кыйраткыч таасиринен улам келип чыккан болушу мүмкүн. Бул тууралуу жаңы илимий изилдөөдө айтылат. Изилдөөнү Улуу Британиядагы Кил университетинин окумуштуулары жүргүзүшкөн.
 
Супернова — бул ири жылдыздын өлүмү менен коштолгон өтө кубаттуу жарылуу. Мындай жарылуулар Жердин атмосферасындагы озон катмарынын бузулушуна, кислоталуу жамгырлардын жаашына жана Күндүн зыяндуу ультрафиолет нурларынын түз таасирине алып келиши мүмкүн.
 
Изилдөөчүлөрдүн пикиринде, дал ушундай жарылуулар 372 миллион жыл мурун болгон кийинки Девон доорундагы жана 445 миллион жыл мурдагы Ордовик доорундагы массалык кырылып жок болуу окуяларына себеп болгон болушу мүмкүн. Ордовик доорунда болгон кырылууда, жашоо негизинен деңизде гана болгон маалда, деңиздеги омурткасыз жаныбарлардын 60 пайызы жоголгон. Кийинки девон учурунда болсо, бардык түрлөрдүн 70 пайызы кырылып, байыркы деңиздерде жана көлдөрдө жашаган балыктардын курамы олуттуу өзгөрүүгө дуушар болгон.
 
«Суперновалар жарылгандан кийин жылдыздар аралык мейкиндикке оор химиялык элементтерди чыгарып, алар жаңы жылдыздар менен планеталардын калыптанышына себеп болот. Бирок эгерде мындай жарылуу Жерге өтө жакын аралыкта болсо, анын кесепети жашоо үчүн өтө коркунучтуу болушу мүмкүн. Суперновалар — ааламдагы эң кубаттуу жарылуулардан. Эгер Жерге жакын жайгашкан ири жылдыз жарылса, анын натыйжасы Жердеги бардык тиричилик үчүн кыйраткыч болмок. Бул изилдөө мындай окуя буга чейин эле болгон болушу мүмкүн деген пикирди сунуштайт», — деп жазышат изилдөөнүн авторлору.
 
Изилдөөчүлөр мындай жыйынтыкка Күндөн килопарсек (болжол менен 3260 жарык жылы) аралыкта жайгашкан массивдүү жылдыздардын «санагын» жүргүзүү менен келишкен. Алар Саманчынын жолу галактикасын шилтеме катары колдонуп, жылдыз кластерлери жана галактикалар кантип пайда болоорун жана биздин галактикада бул жылдыздардын пайда болуу ылдамдыгын билүү үчүн OB-жылдыздары деп аталган бул массивдүү жылдыздардын таралышын изилдешти.
 
Мындан тышкары, алынган маалыматтар келечекте гравитациялык толкундарды аныктаган аспаптарды өнүктүрүүдө да пайдалуу болот. Бул аспаптар илимде Ааламдын түзүлүшүн жана келип чыгышын изилдөө үчүн маанилүү курал катары саналат.
 
Изилдөөнүн алкагында окумуштуулар Күндөн 20 парсекке (болжол менен 65 жарык жылы) чейинки аралыкта суперновалардын канчалык учурда пайда болорун эсептеп чыгышты. Бул эсептөөлөр мурдагы мезгилдерде Жердеги жашоонун массалык кырылып жок болушу менен байланыштырылган суперновалардын теориясы менен салыштырылды. Аталган эсептөөлөрдө астероиддер менен кагылышуулар же климаттын кескин өзгөрүшү сыяктуу башка себептер эске алынган эмес.
 
Ушул маалыматтарды салыштыргандан кийин, изилдөөчүлөр суперновалардын жарылуусу Кийинки Девон жана Ордовик доорундагы эки ири массалык кырылып жок болуунун негизги себептеринин бири болгон деген жыйынтыкка келишкен. Бул эки окуя Жер тарыхындагы белгилүү беш массалык кырылуунун катарына кирет.
 
Астрономдордун айтымында, Саманчынын жолу сыяктуу галактикаларда ар 100 жылда орто эсеп менен бир же эки супернова болот. Бирок бул көрсөткүч андан да төмөн болушу мүмкүн. Жакшы кабар — алдыдагы бир нече миллион жыл ичинде мындай жарылуулар болушу мүмкүн болгон жалгыз эки жылдыз — Антарес менен Бетельгейзе гана.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз