Ош шаарына жаңы башкы финансист келди

Максатбек Орозалиев жаңы кызматка барды. Мындай маалыматты Ош мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысынын орун басары Максатбек Орозалиев ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, Ош шаарынын мэриясынын экономика жана финансы бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. 

«Тиешелүү буйрукка мэр Жеңишбек Токторбаев кол койду», - деп айтылат маалыматта.

Бирок муниципалитет аталган бөлүмдүн мурдагы башчысы Каныбек Абдыкадыров эмне себептен кеткенин ачыктаган жок.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз