Кыргызстан курамасынын мурунку машыктыруучусу Египет курамасы менен дүйнө чемпионатында алтын медаль утту
Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча мурдагы башкы машыктыруучусу Азат Эркимбаев Египет курама командасынын катарында Сербияда өткөн жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында алтын медаль утту.
Эркимбаев август айынын аягында Египет курама командасы менен үч жылдык келишимге кол койгон — ал 2028-жылы Лос-Анжелесте өтө турган Олимпиада оюндарынын аягына чейин күчүндө болот. Анын команда башчысы катары катышкан алгачкы ири мелдеши Хорватиядагы дүйнө чемпионаты болгон.
Сербиядагы жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында Египет курамасы дароо эки медаль жеңип алды. Олимпиадалык 67 кг салмактагы категорияда дүйнө чемпиону Мохамед Хассан Ахмед Абделрехим болду, ал эми 63 кг салмакта Адхам Айман Гариб Абду Эль-Сайед 3-орунду ээледи.
Эль-Сайед коло медаль үчүн болгон беттеште кыргызстандык Куттубек Абдуразаковду утту.
Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курамасы Сербиядагы дүйнө чемпионатын медальсыз жыйынтыктады.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.





