ИИМ: Мамлекеттик ишкананын мурдагы жетекчиси 26 млн сомдук дары сатуу боюнча мыйзамсыз ишке байланыштуу кармалды

ИИМдин маалымат кызматынын билдиришинче, мамлекеттик ишканалардын биринин мурдагы директору мыйзамсыз түрдө 26 миллион сомдук дары-дармек сатууга байланыштуу кылмыш ишинин алкагында кармалды.

Маалым болгондой, 2024-жылдын 11-майында аталган мамлекеттик ишкана менен чет элдик фармацевтикалык компаниянын ортосунда жалпы суммасы 1 миллион 349 миң 470 АКШ долларына дары-дармек жана медициналык буюмдарды сатып алуу боюнча келишим түзүлгөн.

ИИБнин маалыматына караганда, зарыл болгон бажы тартибинен өткөрбөстөн Кыргыз Республикасынын аймагына препараттар алып кирилген. Кийин бул дары-дармектер кошумча баа коюлуп, саламаттык сактоо уюмдарына сатылган. Натыйжада чет элдик компаниядан алынган дары-дармектер боюнча төлөнүшү керек болгон бажы төлөмдөрү жана жыйымдар республикалык бюджетке түшпөй калган.

«Муну менен катар эле, эч кандай зарылчылыгы жок туруп, кымбат баалуу онкологиялык дарылар сатып алынган. Аудит учурунда алар бир жылдан ашык убакыттан бери кампада сакталып турганы аныкталган. Ошондой эле онкологиялык ооруларга каршы сатылган айрым дары-дармектер сапатты тастыктаган сертификаттардан жана лабораториялык текшерүүдөн өтпөгөнү белгиленди», — деп айтылат ИИМдин билдирүүсүндө.

Мындан тышкары, ИИМ мурдагы директор кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланганы аныкталганын белгилейт. Тактап айтканда, А.С. аттуу жаран жеке кызыкчылыгы үчүн кампадан тиешелүү документтерсиз кымбат баалуу дарыларды чыгарган. Учурда башка мүмкүн болгон мыйзам бузуулар боюнча да текшерүүлөр жүргүзүлүүдө. Материалдык чыгымдын жалпы суммасы 26 миллион 848 миң сомду түзөт.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси («Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу») боюнча кылмыш иши козголгон. Бардык зарыл экспертизалар дайындалган.

Оперативдик-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери мамлекеттик ишкананын мурдагы директору А.С.ни кармашкан. Ал учурда убактылуу камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалды.

Тергөө иши улантылууда.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз