Нурбек Сыдыков Ош облустук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары болуп дайындалды
2025-жылдын 23-октябрь күнү Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысы Нурланбек Бурканов Кыргыз Республикасынын ИИМдин буйругуна ылайык, Ош ОИИБдин башчысынын коомдук коопсуздук боюнча орун басары кызматына дайындалган милициянын полковниги Нурбек Сыдыковду өздүк курамга тааныштырды. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдирди.
Маалым болгондой, Нурланбек Бурканов жаңы дайындалган Сыдыков Нурбек Абдыкалыковичке 30-ноябрь күнү өткөрүлүүсү белгиленген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоо өнөктүгүнө карата коомдук коопсуздукту камсыз кылууга даярдыктарды көрүү боюнча бир катар тапшырмаларды коюп, кызматтык ийгиликтерди каалады.
«Ал эми башкармалыктын башчысынын коомдук коопсуздук боюнча мурдагы орун басары милициянын подполковниги Эрнист Бекташов ИИМдин буйругуна ылайык, ИИМдин Күзөт кызматынын Түштүк башкармалыгына жетекчи болуп дайындалды», - деп айтылат маалыматта.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.




