Ошто эл аралык илбирсти коргоо күнүнө арналган иш-чара өттү

 
Бүгүн, 23-октябрь күнү ак илбирсти коргоонун эл аралык күнүнө карата Ош шаарында “Биотүрдүүлүктү сактоо: Илбирс аркылуу жаратылышты коргоо концепциясы” аттуу иш-чара өткөрүлдү. Аны Германиянын жаратылышты коргоо союзу (NABU) коомдук уюмунун Кыргыз Республикасындагы филиалынын түштүк бөлүмү уюштурду.
 
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин Табият таануу жана география факультетинде өткөрүлгөн саамалыкка экологиялык уюмдардын өкүлдөрү, студенттер жана жаратылышты сактоого кызыккан жарандар катышты.
 
Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар ак илбирсти жана анын жашоо чөйрөсүн коргоонун мааниси, ошондой эле жаратылышты сактоодогу эл аралык жана жарандык уюмдардын ролу тууралуу ой бөлүшүп, экологиялык системанын туруктуулугу боюнча пикир алмашышты. Ошондой эле Кыргызстандагы илбирстердин учурдагы абалы жана аларды коргоо боюнча иш-чаралар тууралуу маалымат берилди.
 
Катышуучулар илбирстерди сактоо боюнча жалпы талкуу жүргүзүп, бир катар сунуштары менен бөлүштү. Соңунда келген конокторго NABU Кыргызстан уюму тарабынан даярдалган экологиялык багытта чыгарылган таркатма материалдар берилди.
 
Ак илбирс – Кыргызстандын улуттук символу. Анткени 2023-жылдын соңунда КР Президенти Садыр Жапаров бул жөнүндө атайын жарлыкка кол койгон.
 
Бул жапайы жаныбар Кыргызстандын жана Эл аралык жаратылышты коргоо союзунун Кызыл китебине киргизилген жана дүйнөнүн 12 өлкөсүндө сейрек же жоголуп бараткан жаныбар статусуна ээ.
 
Байыркы кыргыз элинин маданиятында ак илбирс айбаттуулуктун, айкөлдүктүн, эр жүрөктүүлүктүн, кайраттуулуктун жана чыдамкайлыктын көрүнүшү болгон. Ошондуктан уламыштарда айтылгандай, илбирс — улуу Манастын тотемдик жаныбары болуп эсептелет.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз