Оштогу жактоочулар "Мээрим" рестораны боюнча Ош мэриясынан түшүндүрмө сурады

Ош мэриясы кайсы негизге таянып, «Мээрим» ресторанынын ээлери алардан 14 млн сом карыз деп жатат? Мындай пикирди бүгүн, 23-октябрда «АКИпресс-Ошто» өткөн маалымат жыйында жактоочулар Айсалкын Карабаева менен Замир Адигенеевдер билдиришти, деп жазат "Турмуш" басылмасы.

Алардын айтымында, «Мээрим» ресторанынын ээси 1,5 жылдан бери «Оптима банк» болуп эсептелет. Ошондой эле жактоочулар Ош шаардык мэриясы эмненин негизинде ЖКнын экс-депутаттары аларга 14 млн карыз деп жатканын түшүнбөй жатышат.

Жактоочусу Айсалкын Карабаеванын маалыматына ылайык,  1989-жылдын 24- январында  Ош шаардык Эл депутаттарынын Аткаруу комитетинин №29 саны менен чечим чыгып, ошол чечимдин негизинде 0,30 га жер тилкеси курулуш куруу үчүн бекитилген.  Архивдеги документтерге ылайык, аталшан 30 сотых жерге мыйзам ченемдүү документтер жасалган. Андагы архитектуралык документтерине ылайык, мейманкана тибиндеги көп кабаттуу үй курулуш керек болгон. Тиешелүү документтери бүтүп, курулуш иштери жүрүп, бирок аягына чыккан эмес. Анткени СССР жоюлуп кеткен. Андан соң, «Менчиктештирүү» мыйзамынын негизинде,  1995-жылдын 9-мартында  «Ош-жол» акционердик коому Мамлекеттик мүлк фондунан аталган 30 сотых жерди №926 сандуу сатып жана сатып алуу келишиминин негизинде 178 миң 893 сомго сатып алып, №001085  сандуу менчик ээси деген укуктук күбөлүктү алган.

Карабаев кошумчалагандай, ал кезде мамлекеттик акты, техникалык паспорт, муниципалдык менчик башкармалыгы деген болгон эмес. Кийин, 2000-жылдын 26-июнунда жогоруда аты аталган акционердик коом С.А. жаранга 311 миң 400 сомго сатуу жана сатып алуу келишиминин негизинде жерди саткан. С.А.дан С.М. сатып алган. 
2003-жылдын 20-августунда Ош мэриясы №1287 келишиминин негизинде жана 2003-жылдын 6-ноябрындагы №1259 токтомунун негизинде мамлекеттик акты жана жеке менчик ээси деп 2011-жылдын 26-майында №319344 санду токтом менен документтештирип берген.

«Бирок бүгүнкү күндө Ош мэриясынын басма сөз кызматы «мамлекетке ошол имарта 14  млн сом карыз» деп жарыялап жатат. Ушул 14 млн сомду элге жарыялоодон мурун мүлктүн ээси ким экенин тастыктап туруп анан элге жарыя кылса жакшы болот эле. Биздин «Кадастрдан» алган тактама боюнча айтсам, 2024-жылдын 21-июнунда бул имарат «Оптима банкка» өткөн. Бул жөнүндө «Кадастрдын» маалыматынан көрсөңөр болот», - деди Айсалкын Карабаева.

Жактоочу Замир Адигенеев эмнени негиз кылып Ош мэриясы «14 млн сом карыз» деген маалыматты чыгарып жатканына түшүнбөй турганын, карызды негиздей турган жобо же башка укуктук документтер бар же жок экени белгисиз болуп жатканын айтты.

«Ош шаардык мэриясы 8 сотых жерди өзүнүн балансына алуу боюнча токтомун 2023-жылы эле чыгарып жатат. Андан бери 2 жыл өткөн болсо, 14 млн сомду ар бир жылга бөлгөндө 7 млн сомдон туура келип жатат. 8 сотых жер муниципалдык жер болгон деп эсептегенде дагы 7 млн сом кандай негизде, кандай жобонун негизинде мындай сумма чыгып жатканы бизге такыр эле түшүнүксүз болуп жатат. Мындай маалыматты таратардын алдында бүгүнкү күндө «Мээрим» ресторанынын ээсине кандайдыр бир эскертүү кат берилиши керек эле. Бирок эч кандай эскертүү, же кат берилген эмес. 

Экинчиден, маалыматта Жкнын эки экс-депутаттары акчаларды төлөбөй келет деп айтылган. Бул дагы эч бир чындыкка дал келбеген маалымат. Анткени, жогоруда коллегам айтып кетти, Ош мэриясынын басма сөз кызматы көрсөткөн «Мээрим» ресторанынын ээси «Оптима банк» болуп эсептелет. Анан менчик ээси «Оптима банк» болуп турса, юридикалык катыштыгы жок башка адамдарга – «ЖКнын экс-депутаттары төлөбөй жатат» деп эмнеге таянып коомчулукту, анын ичинде мэр Жеңишбек Токторбаевди адаштырууга алып келип жатышат», - деди жактоочу.

Замир Адигенеев президенттин 2021-жылдын 29-январындагы №3 «Ишкерлердин жана инвестордун менчигин жана өздөрүнө колдоо көрсөтүү» тууралуу жарлыгын эске салып, «Ишкерлерди коргоо» мыйзамы талаптагыдай иштеш керектигин белгиледи.

«Кайрылуубуздун максаты – жалпы Ош шаарынын тургундары, жалпы Кыргызстандын коомчулугу «ЖКнын экс-депуттары 14 млн сомду төлөбөй жатат» деген маалымат туура эместигин, коомчулук буга туура сын-көз караш менен кароосун суранат элек», - деди ал.

Буга чейин Ош мэриясы "Мээрим" ресторанын кожоюндары - ЖКнын экс-депутаттары мэриядан 14 млн сом карыз экенин билдирген болчу.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз