Түрк мамлекеттери ЕБ менен экономикалык жана соода байланышын чыңдоого умтулушуда, - ТМУнун баш катчысы Омуралиев
Түрк мамлекеттеринин альянсы — Европаны жана Азианы, анын ичинде Кытайды байланыштырган соода, өсүү жана энергия ресурстарынын эсебинен экономикалык күчкө айланууда. Өсүү потенциалы жогору, ресурстары бай жана калкы жаш бул блок Брюссель менен кызматташтыкты мындан да чыңдоого умтулууда.
Түрк мамлекеттеринин уюму соода, айыл чарба, коопсуздук, технология жана башка тармактардагы кызматташтыктын аркасында өз позициясын кыйла бекемдеди, деп билдирди уюмдун башкы катчысы Кубанычбек Омуралиев Брюсселде болгон сапары учурунда Euronews агенттигине берген маегинде.
«Эгерде биздин биргелешкен ички дүң продукциябызга (ИДП) карасак, ал 2,1 триллион долларды түзөт, ал эми өлкөлөр ортосундагы жалпы соода жүгүртүүнүн көлөмү 1,1 триллион долларга жетет», — деди Омуралиев.
Анын айтымында, бул биргелешкен экономикалык өсүү «динамикалуу өнүгүп жатат».
Омуралиев баса белгилегендей, түрк мамлекеттеринин көбү Европа Биримдиги менен стратегиялык өнөктөштүк мамилелерге ээ, эми бул кызматташтыкты эки тараптуу форматтан көп тараптуу деңгээлге чыгаруу убактысы келди.
«Борбор Азияда биздин негизги мамлекеттер — Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстан — Европа Биримдигин Азия менен, анын ичинде Кытай менен байланыштырып турган чыныгы көпүрө болуп саналат. Блокко кирген ар бир мамлекет ЕБ менен өз алдынча стратегиялык мамилеге ээ», — деп түшүндүрдү ал.
Анын айтымында, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Брюсселге 24-октябрда пландалган сапары эки тараптуу мамилелердин чыңдалып жатканын көрсөтөт. Ошондой эле Омуралиев көп тараптуу деңгээлдеги кызматташтыкты да кеңейтүү зарылдыгын белгиледи.
Европага жаңы соода жолу
Омуралиев Euronewsка билдиргендей, түрк мамлекеттери түзгөн Орто коридор — учурда алардын негизги артыкчылыктуу долбоору. Ал жаңжалдуу аймактарды айланып өтүүчү альтернативалуу транспорттук жана логистикалык тармак болуп саналат.
Бул Орто коридор байыркы Улуу Жибек жолунун изи менен өтүп, Европаны жана Азианы, анын ичинде Кытайды стратегиялык жактан байланыштырат. Ошондуктан түрк өлкөлөрү бул багытта логистикалык инфраструктураны өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурууда.
«Аны Орто коридор деп атайбыз, бирок тарыхый жактан алганда бул Улуу Жибек жолу. Бул маршрут биздин мүчө жана байкоочу мамлекеттер аркылуу өтөт», — деди Омуралиев.
Бул долбоор Россия менен Украина арасындагы согуш жана Жакынкы Чыгыштагы азыркы жаңжалдарга чейин эле пландалган. Азыр ал иш жүзүндө реалдуу багытка айланып жатат. Мындан тышкары, бул жол Европадан Кытайга чейин башка маршруттарга салыштырмалуу 2 миң чакырымга кыска жана арзаныраак.
Башкы катчы кошумчалагандай, түрк мамлекеттери дүйнөдө үчүнчү орундагы ири энергия ресурстарына ээ. Ошондой эле кайра жаралуучу энергия багытында да чоң мүмкүнчүлүктөргө ээ болуп, Европаменен бизнес кызматташтыкты кеңейтүүгө жол ачууда.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.




