Падыша Карл III ракты дарылоонун терс таасиринен улам ооруканага жаткырылды
Улуу Британиянын падышасы Карл III 27-мартта рак дарылоонун «убактылуу терс таасирлеринен» улам ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Букингем сарайынын басма сөз кызматына шилтеме берип, The Guardian басылмасы кабарлады.
76 жаштагы монарх пландалган дарылануудан өтүп, ошол себептен кыска убакытка ооруканада болушу талап кылынган. Ошондуктан анын бардык күндүзгү иш-чаралары жылдырылган. «Азем Падыша азыр Кларенс-хауска кайтып келди. Дарыгерлердин сунушун эске алып, коопсуздук чарасы катары анын эртеңки күндүзгү программасы да кийинкиге жылдырылат», — деп билдирди басма сөз кызматынын өкүлү.
2024-жылдын февраль айында Букингем сарайы Карл III көз жумган учурда бийликти өткөрүп берүү боюнча план даярдагандыгы тууралуу маалымат чыккан. «Менай көпүрөсү» деп аталган бул план тактыны мураскер ханзаада Уильямга өткөрүп берүүнү карайт. Ошол эле айда Карл III денесинен рак оорусу аныкталган.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.