Таш-Көмүрдүн вице-мэри жана муниципалдык менчик башкармалыгынын жетекчиси кармалды

Сүрөт: УКМК

Таш-Көмүр шаардык администрациясынын кызмат адамдарына карата коррупциялык иш боюнча тергөө башталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) билдирди.

Маалыматка караганда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы коррупциялык кылмыштардын алдын алуу боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө, Таш-Көмүр шаарынын вице-мэри К.Н.А. жана мэрияга караштуу Муниципалдык менчик департаментинин директору К.У.А. мыйзамсыз иштерге шектелип кармалган.

Тергөө учурунда алар Шамалдуу-Сай, Теңдик, Чуют-Сай жана Кызыл-Алма айылдарындагы муниципалдык жер тилкелерди жакын туугандарынын жана байланыштары бар адамдардын пайдасына мыйзамсыз жеке менчикке өткөрүп беришкендиги аныкталган. Бул аракеттер жасалма аукциондор аркылуу, арзандатылган баада жүргүзүлүп, натыйжада муниципалдык бюджетке олуттуу зыян келтирилген.

Мындан тышкары, темир жолдун боюндагы суу жана санитардык коргоо зоналарында да коммерциялык объектилер үчүн жер тилкелерин бөлүп берүү фактылары белгилүү болгон.

Шектүүлөр 2025-жылдын 22-октябрында кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген. Учурда бул мыйзамсыз иштерге башка кызмат адамдарынын тиешеси бар-жогу боюнча ыкчам жана тергөө иштери улантылып жатат.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз