Кара-Суу прокуратурасы: райондо үй-бүлөлүк зомбулук жана өспүрүмдөрдүн кылмыштуулугу боюнча иштер көзөмөлдө

Иллюстрациялык сүрөт.

Кара-Суу районунун прокуратурасы үй-бүлөлүк жана балдар арасындагы укук бузуулар боюнча козголгон кылмыш иштерге көзөмөлдү күчөттү. Маалыматка ылайык, прокуратура “Кылмыштардын бирдиктүү реестри” автоматташтырылган маалыматтык системасында катталган иштердин мыйзамдуулугун үзгүлтүксүз текшерип келет.

Прокуратура тергөөчүлөргө Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине ылайык, ар бир ишти сапаттуу, толук жана объективдүү иликтөө боюнча көрсөтмөлөрдү берип жатат.

Мекеменин маалыматына караганда, 2025-жылдын 9 айында Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 294 материал катталган. Алардын ичинен 5 кылмыш иш козголуп, тараптардын жарашып алышына байланыштуу өндүрүштөн кыскартылган. Ал эми 289 материал боюнча кылмыш иш козгоодон баш тартылып, укук бузуучуларга Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 70-беренесине ылайык чаралар көрүлгөн. Жабыркаган үй-бүлө мүчөлөрүнө коргоо ордерлери берилген.

Мындан тышкары, ушул эле мезгил ичинде балдар тарабынан жасалган 38 кылмыш иш катталган. Аларга тиешелүү 57 өспүрүмдүн ичинен 6 иш сотко жөнөтүлүп, 32 иш өндүрүштөн кыскартылган. Натыйжада 25 бала кылмыш-жаза сот тутумунан чыгарылган.

Прокуратуранын маалыматы боюнча, балдар арасында көбүнчө уурулук, бейбаштык жана ден соолукка залал келтирүү фактылары катталууда. Мунун негизги себептери катары ата-энелердин эмгек миграциясында жүрүшү, балдарга карата жетишсиз көзөмөл, социалдык көйгөйлөр жана өспүрүм курактын психологиялык өзгөчөлүктөрү көрсөтүлүүдө.

Учурда райондук прокуратура үй-бүлөлүк зомбулук жана балдар арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча түшүндүрүү жана профилактикалык иштерди жүргүзүүдө. Башкы прокуратуранын көрсөтмөсүнө ылайык, бул багыттагы иштер боюнча процессуалдык чечимдердин мыйзамдуулугуна көзөмөл мындан ары да улантылат.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз