Кыргызстанда эртең Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү аяктайт. Борбордук шайлоо комиссиясында абал кандай?
Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү 30-октябрда саат 18:00дө жыйынтыкталат.
Мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо 2025-жылдын 30-ноябрында өтөт.
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Айдана Жупуева "АКИпресс" агенттигине билдиргендей, 29-октябрга карата шайлоого катышууга 532 жаран ниетин билдирген. Алардын ичинен 340 — эркек, 192 — аял.
28-октябрга карата 129 талапкер расмий түрдө катталган: алардын 80и эркек, 49у аял. Боршайком 7 талапкерди каттоодон баш тарткан, ал эми 14 жаран өз арызын ыктыярдуу түрдө кайтарып алган.
«Эми каттоодон баш тартылган 7 талапкер тууралуу кененирээк айтсак, алардын экөө акыркы 5 жылда Кыргызстанда туруктуу жашоо талабына жооп берген эмес. Бул маалыматты Чек ара кызматы берген. Дагы эки талапкердин соттолгондугу аныкталган — бул маалыматты Ички иштер министрлиги тастыктаган. Мындан сырткары, дагы эки талапкердин уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөсү экени тууралуу маалымат ИИМ тарабынан берилген. Ал эми бир талапкер, Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматына караганда, диний ишмер болуп саналат», — деди Жупуева.
Анын айтымында, шайлоо жөнүндөгү мыйзамга ылайык, талапкерди каттоодон баш тартууга бир нече себеп бар: документтердин толук топтомун тапшырбоо, көрсөтүү тартибин бузуу, соттуулук болушу, уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөсү болуу, ошондой эле акыркы 5 жылда Кыргызстандын аймагында жашабоо фактысы.
ЦИК төрайымынын орун басары кошумчалагандай, өз арыздарын кайтарып алган 14 жарандын айрымдары шайлоо фонддорун түзүп, шайлоо күрөөнү төлөп коюшкан.
(Редакциянын эскертүүсү: шайлоо күрөөсү талапкерге кайтарылбайт).
«Эртең — талапкерлерди көрсөтүүнүн акыркы күнү. Календардык планга ылайык, арыздар 30-октябрда саат 18:00гө чейин кабыл алынат. Андан кийин, 2-ноябрга чейин талапкерлер документтердин толук топтомун тапшырышы керек. Эгер айрым документтер жетишпесе, ЦИК тиешелүү органдарга сурам жөнөтөт. Калган талапкерлерди каттоо 9-ноябрга чейин жыйынтыкталат, ал эми 10-ноябрдан тартып расмий түрдө **шайлоо алдындагы үгүт иштери башталат», — деди Жупуева.
Ошондой эле ал шайлоо күнү белгиленгенден кийин үч саясий партия катышууга каалоо билдиргенин айтты.
«Алардын ичинен эки партия катышуудан баш тартты. Натыйжада, “Ынтымак” саясий партиясы өзүнүн **9 талапкерин көрсөттү», — деп кошумчалады Жупуева.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.



