АФКнын Чакыруу лигасы: «Мурас Юнайтед» — лидер, ал эми «Абдыш-Ата» күрөштөн чыгып калды. Жадыбал
2025–2026-жылкы АФК Чакыруу лигасынын топтук этабынын экинчи туру аяктады.
2024-жылкы Кыргызстандын кубогунун ээси «Мурас Юнайтед» "С" группасында лидерлик кылууда. Сергей Пучковдун командасы биринчи турда Тажикстандын «Регар ТадАЗ» командасы менен 0:0 эсебинде тең ойношсо, экинчи турда Ливандын «Аль-Сафа» командасын 2:0 эсебинде жеңди.
Эки турдун жыйынтыгы боюнча «Мурас Юнайтед» 4 упай топтоп, турнирдик таблицада 1-орунда турат.
Топтук этаптын акыркы турунда Жалал-Абад командасы 31-октябрда Кувейттин «Аль-Араби» командасы менен беттешет. Бул эки команда тең 4 упайга ээ жана оюндун жеңүүчүсү түз плей-оффко чыгууга мүмкүнчүлүк алат.
"А" группасында учурдагы Кыргызстандын чемпиону «Абдыш-Ата» ойнойт. Бирок эки турдан кийин канттык команда плей-оффко чыгуу мүмкүнчүлүгүн жоготту. Алар Түркмөнстандын «Алтын Асыр» командасына 0:1 жана Омандын «Аль-Шабаб» командасына 1:2 эсебинде утулду.
Акыркы турда Канттын командасы Бутандын «Паро» командасы менен беттешет. Эки команда тең эки турдан кийин 0 упайга ээ.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.





