АФК Чакырык Лигасы: «Абдыш-Ата» менен «Мурас Юнайтеддин» атаандаштары белгилүү болду
Бүгүн, 28-августта 2025–2026-жылкы АФК Чакырык Лигасынын тайпалык баскычына чүчүкулак тартылды. Натыйжада Кыргызстандын атынан катышкан «Абдыш-Ата» (Кант ш.) жана «Мурас Юнайтед» (Жалал-Абад ш.) клубдарынын атаандаштары аныкталды.
Иш-чарага Кыргызстандын Улуттук курама командасынын мурдагы дарбазачысы, 2007-жылы «Дордой» менен АФК Президентинин Кубогун уткан жана турнирдин мыкты оюнчусу аталган Валерий Кашуба чүчүкулак аземинин жардамчысы катары катышты.
Чүчүкулактын жыйынтыгы:
«А» тайпасы: «Алтын-Асыр» (Туркменистан), «Аль-Шабаб» (Оман), «Паро» (Бутан), «Абдыш-Ата» (Кыргыз Республикасы).
«С» тайпасы: «Регар-Тадаз» (Тажикстан), «Сафа» (Ливан), «Аль-Араби» (Кувейт), «Мурас Юнайтед» (Кыргыз Республикасы).
Жалпысынан тайпалык баскычка 20 клуб катышып, алардын ичинен «Батыш» зонасындагы 12 команда үч тайпага бөлүндү. Кийинки плей-офф баскычына ар бир тайпанын жеңүүчүсү жана мыкты көрсөткүчкө ээ болгон бир команда чыгат.
Тайпалык баскычтын оюндарын өткөрүү датасы 25–31-октябрь күндөрүнө белгиленди. «Мурас Юнайтеддин» катышкан тайпанын беттештери Кыргызстанда өтөт. Ал эми «Абдыш-Ата» оюндарын Бутан аймагында ойнойт.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.