Ош-Бишкек жолунун Өзгөн районунан Жалал-Абадга чейинки бөлүгү оңдолуп, кеңейтилет
Бүгүн, 31-октябрь күнү Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн 9 айдын жыйынтыгын чыгаруучу коллегиялык жыйыны башталды. Ага облустагы 7 райондук акимдери, мекме-ишканалардын жетекчилери, айыл өкмөт башчылар, укук коргоо органдары катышты.
Жыйындын башында Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев баяндама менен чыгып, райондордун социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүн, аткарылган, аткарылып жаткан жана жакында аткарыла турган иштер боюнча кенен маалымат берди.
"Дагы бир маанилүү жол - Ош-Бишкек жолу, Өзгөндөн Жалал-Абадга чейин бөлүгү оңдолуп, кээ бир жерлери 6 тилкелүү болот", - деди ал.
Ошондой эле президенттин өкүлү Ош шаарын айланып өтө турган жол жаңы жылдан кийин башталарын белгиледи. Аны менен кошо Аравандан Төө-Моюнга кеткен 40 км жолду, Дароот-Коргон-Үч-Коргон жолу да, Ылай-Талаа-Гүлчө жолу да быйыл башталарын айтты.
"Мына ушундай жолдорду баштап, бүтүрүүгө белсенип жатабыз",- деди ал.
Мындан тышкары, жол тейлөө мекемелеринин жетекчилери, район акимдери кышка даярдануу үчүн жол четине музду эритүүчү кум-шагылдарды төгүп даярдануу тапшырмасын берди.
Ошондой эле, Жантаев жол жээгиндеги башаламан соода жайлары кооптууларды жаратып жатканын, ошондуктан аларга эскертүүлөрдү берүү маселесин караш керектигин айтты.
"Мыйзамсыз курулган мечиттер боюнча айтайын, облустун аймагында 8 мыйзамсыз курулган мечит бар. Минкабдын төрагасынан жана башкалардан мечиттерди иреттештирүү боюнча тапшырма түшкөн",- деди Жантаев.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.




