Бактияр Нематов "Ош" темир жол бекетинин башчысы болуп дайындалды
"Ош" темир жолу бекетинин жетекчиси болуп Нематов Бахтияр Сайтмуратханович дайындалды. Бул тууралуу Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясынын Түштүк бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, жаңы жетекчи Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясынын Түштүк бөлүмүнүн жетекчиси Орозбек Турдубековдун буйругунун негизинде дайындалган.
«Бахтияр Нематов темир жол тармагында 25 жылдан ашык эмгектенип, ар кандай кызматтарда иштеп, тармактын өнүгүшүнө чоң салым кошуп келген», - деп айтылат маалыматта.
Буга чейин аталган кызматта Эргашов Абдурашит Батыржанович иштеп келген, ал өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу арыз жазып, ишин жыйынтыктады.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.




