БШК Ильяс Амандазиевди Камчы Көлбаев менен түшкөн сүрөтү үчүн ЖКнын депутаттыгына талапкер катары каттоодон баш тартты
2025-жылдын 2-ноябрында Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча №25 көп мандаттуу шайлоо округунан талапкерлигин койгон Ильяс Амангазиевич Амангазиевди каттоодон баш тартуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу БШК маалымдады.
Амангазиев 22-октябрда шайлоого катышуу ниети тууралуу арыз тапшырган.
Жумушчу топ талапкер Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерге коюлган мыйзамдык талаптарга жооп бербестигин аныктап, аны каттоодон баш тартууну сунуштаган.
«Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 2025-жылдын 30-октябрындагы маалыматына ылайык, 1989-жылдын 9-январында төрөлгөн Амангазиев Камчы Асанбек аттуу криминалдык авторитет менен чогуу түшкөн сүрөттө тартылган. Бул маалыматты текшерүү жана тергөө иш-аракеттерин жүргүзүү үчүн Ысык-Ата райондук ички иштер башкармалыгында билдирүү катталып, тергөө тапшырмасынын негизинде ал Тергөө кызматына суракка чакырылган. Сурак учурунда Амангазиев сүрөттөгү адам чындыгында өзү экенин ырастады», — деп билдиришти БШКдан.
2-ноябрда ал жумушчу топтун жыйынына чакырылган, бирок катышуудан баш тарткан.
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамдын 61-беренесинин 11-бөлүгүнө ылайык, эгерде адам уюшкан кылмыштуу топко, кылмыштуу коомчулукка (уюмга), куралчан топко (бандага) тиешеси бар катары профилактикалык же оперативдүү-профилактикалык каттоодо турган же мурда турган болсо, талапкерди каттоодон баш тартууга негиз болот.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.




