Оштогу журналисттер "Манас" стадионунда футбол ойношту

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Кара-Суу шаарындагы "Манас" стадионунда Оштогу журналисттер футбол ойношту. Мелдеш 1-ноябрь күнү Ош мамлекеттик университети тарабынан 7-ноябрь - Маалымат жана басма сөз күнүнө карата уюштурулду.

Мелдешке Оштогу журналисттерлен түзүлгөн эки курама катышып, бир беттештен турган оюн өткөрүштү. Оюндун биринчи тайм 1:1 эсеби менен жыйынтыкталып, экинчти таймда командалар экиден гол киргизишип, мелдеш жыйынтыкталды.

Мелдештен кийин ОшМУнун уюштуруу комитети командаларга акчалай сыйлыктарды тапшырды.


Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз