Алмаз Акун Италияда өткөн грэпплинг боюнча дүйнө чемпиондугун жеңди
Кыргызстандын спортчусу Алмаз Акун Италияда өткөн аралаш мушташ боюнча дүйнө чемпионатында жеңүүчү болду.
XFC версиясы боюнча турнир 30-октябрдан 2-ноябрга чейин Рим шаарында өттү. Кыргызстандан бул мелдешке эки спортчу катышты.
Алмаз Акун грэпплинг боюнча таймаштарда биринчи орунду ээлеп, алтын медалга ээ болду.
Бакыт Кадыров экинчи орунду алып, күмүш медаль утту.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.





