Жалал-Абада Орусияда кыргыз мигранттарынан акча талап кылып, коркутууга шектелген УКТнын мүчөлөрү кармалышты, - УКМК

Жалал-Абад облусунда Орусияда кылмыш жасаган деп шектелген адамдар кармалды. Бул тууралуу 3-ноябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, К.Н.К., С.Д.С. жана С.Б.Д. аттуу жарандар уюшкан кылмыштуу топтун (ОПГ) мүчөлөрү катары эсепке алынган жана мурда оор кылмыштар үчүн жоопко тартылышкан.

Тергөө версиясы боюнча, алар 2023-жылдын 4-октябрында Бишкекте УКМК тарабынан жок кылынган «мыйзамдагы ууру» Камчы Көлбаевге жакын адамдардын колдоосуна ээ болуп, Орусияда иштеген кыргыз жарандарына карата акча талап кылуу, коркутуу жана шантаж сыяктуу аракеттерди жасашкан.

Шектүүлөр УКМКнын убактылуу кармоочу жайына (СИЗО) киргизилген.

Мамлекеттик коопсуздук кызматтары бул адамдар башка ушундай эле кылмыштарга да тиешеси болушу мүмкүн экенин четке кагышпайт. Ошондуктан, алардын аракетинен жапа чеккен же кандайдыр бир маалыматка ээ болгон жарандар төмөнкү телефон номерлерине кайрылуусу суралат:
0(3722) 5-60-49, 0995 01-22-10.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз