Саламаттык сактоо министрлигинин психиатрия борборунда коррупциялык схема аныкталды
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) мамлекеттик органдардагы системалуу коррупцияга каршы күрөшүүнүн алкагында Саламаттыкты сактоо министрлигинин Республикалык психиатрия жана наркология борборунда Ички иштер органдарынын кызматкерлери менен биргеликте уюштурулган коррупциялык схеманы аныктады.
Маалыматка караганда, аталган борбордун эксперт-психологу, 1975-жылы туулган А.Ч.Ш., Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматынын башчысынын орун басары, 1994-жылы туулган А.у.Ж. менен алдын ала сүйлөшүп алып, оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча айыпталган адамдарды кылмыш жоопкерчилигинен куткаруу максатында «акыл-эси жайында эмес» деп мыйзамсыз таануу схемасын түзүшкөн.
2025-жылдын январь айында баңгизат сатуу боюнча айыпталып кармалган 2007-жылы туулган М.А.А. аттуу жарандын ишинде бул схема колдонулган. Тергөөнүн жүрүшүндө А.у.Ж. шектүүнүн туугандарынан опузалап 1,5 миллион сом талап кылып, кийин психолог-эксперт А.Ч.Ш. менен сүйлөшүп алып, экспертизанын жыйынтыгын бурмалаганы белгилүү болду. Натыйжада кармалган адам эки ирет “акыл-эси жайында эмес” деп табылган.
2025-жылдын 23 жана 30-октябрында козголгон кылмыш ишинин алкагында Ленин РИИБдин мурдагы орун басары А.у.Ж. жана Республикалык психиатрия жана наркология борборунун психолог-эксперти А.Ч.Ш. кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
Учурда тергөө иштери улантылып, аталган схемага тиешеси бар башка кызматкерлерди аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.




