Талантбек Толобеков Кинематография департаментинин директору болуп дайындалды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен Толобеков Талантбек Толобекович Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаментинин директору болуп дайындалды.
Бул чечим “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” конституциялык мыйзамдын 18-беренесине ылайык, министр Мирбек Мамбеталиевдин сунушунун негизинде кабыл алынып, документке Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон.
Жаңы жетекчини эмгек жамаатка маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев жана анын орун басары Марат Тагаев тааныштырды.
Буга чейин аталган кызматты Улан Адамалиев ээлеп келген. Ал өз арызынын негизинде кызматтан бошотулган.
Кинематография департаменти — улуттук кино өнөрүн өнүктүрүү, мамлекеттик колдоону күчөтүү жана кыргыз киночуларынын эл аралык аренадагы атаандаштык жөндөмүн жогорулатууга багытталган мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу мекеме болуп саналат.
Толобеков Талантбек Толобекович — продюсер, Кыргызстандын Кинематографисттер союзунун жана Кинопродюсерлер ассоциациясынын Башкармалыгынын мүчөсү. Ал 1983-жылы 4-майда Бишкек шаарында төрөлгөн.
Билими боюнча — Б. Бейшеналиева атындагы КУМИУнун “Социалдык-маданий ишмердүүлүк менеджери, педагог” адистигин жана Ч. Базарбаев атындагы хореографиялык окуу жайдын “Балет артисти, хореограф” багытын аяктаган.
2002-жылдан бери маданият жана кино тармагында эмгектенет. 2013-жылдан тартып “Ак илбирс” Улуттук киносыйлыгынын негиздөөчүсү жана координатору катары белгилүү.
Ал “Үй сатылат”, “Көл”, “Мунабия”, “Атанын керээзи” сыяктуу тасмалардын продюсери болуп, улуттук фильмдерди “Оскар”, “Алтын глобус”, “Ника” сыйлыктарына көрсөтүүнү координациялаган. Ошондой эле “Кыргызстанда тарт” инвестициялык программасынын жана Улуттук кинокомиссиянын демилгечиси.
Толобеков ар кандай жетекчилик кызматтарды аркалап келген:
– “Ак илбирс” сыйлыгынын аткаруучу директору (2019–2023);
– “Кыргызтасмасы” мамлекеттик кино борборунун директору (2023–2025);
– Улуттук Оскар комитетинин төрагасы (2023-жылдан);
– “Shaboto Film Group” ЖЧКсынын директору (2025-жылдан).
Эмгеги жогору бааланып, ага “Маданияттын мыкты кызматкери” наамы ыйгарылган.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.




