Союзбек Надырбеков министрдин биринчи орун басары болуп дайындалды
Союзбек Надырбеков Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары болуп дайындалды.
Тиешелүү документке Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Буга чейин аталган кызматты Чыңгыз Эсенгул уулу ээлеп турган.
Союзбек Надырбеков 1990-жылдын 16-сентябрында Ош облусунун Өзгөн районунун Мырза-Аке айылында төрөлгөн.
Билими:
* 2009-2013-жылдары - Бишкек гуманитардык университетинин "Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер" факультетин аяктаган.
* 2009-2011-жылдары - Чун-Анг университети (Корея Республикасы), "Ички жана тышкы саясат" багыты.
* 2015-2017-жылдары - Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы, "Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу" курсу (магистратура), "Саясий институттар" адистиги боюнча аспирантураны аяктаган.
Эмгек ишмердүүлүгү:
* 2012-2013-жылдары - "Жаштар клубу "Лидер" коомдук уюмунун негиздөөчүсү, төрагасы.
* 2013-2015-жылдары - "KGM" туристтик компаниясы, азыркы учурда "Luna travel", башкы менеджери.
* 2015-2017-жылдары - Эл аралык кайрымдуулук фонду "Asia Children Charity", аткаруучу директору.
* 2017-жыл - "Dream K" туристтик компаниясы, башкы директору.
* 2017-2018-жылдары - III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын даярдоо жана өткөрүү боюнча катчылык, инфратүзүм жана волонтерлор кыймылы боюнча координатору.
* 2018-2019-жылдары - King Abdul-Aziz Camel Festival – Nomad Universe (Саудия Арабиясы), координатору.
* 2019-жыл - Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору (TURKSOY-2019), логистика боюнча жетекчиси.
* 2019-жыл - Шанхай кызматташтык уюмунун саммити (ШКУ), логистика боюнча жетекчиси.
* 2019-2020-жылдары - "Дүйнөлүк этно оюндар конфедерациясы" коомдук уюмунун маданият боюнча менеджери.
* 2020-2021-жылдары - "Республика - Ата-Журт" партиясынын парламенттик фракциясынын катчылыгынын кеңешчиси.
* 2021-жыл - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Жаштар, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары.
* 2021-2023-жылдары - Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары.
* 2023-2024 -жылдары Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы “Улуттук маданий борборунун” башкы директору.
* 2024-жылдан баштап - Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо башкармалыгынын Президент жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертиза кылуу бөлүмүнүн башкы эксперти.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.