2026-жылдан тартып мөөнөтсүз берилген айдоочулук күбөлүктөр алмаштырылат
2026-жылдан тарта бардык мөөнөтсүз үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөр эл аралык стандарттарга ылайык 10 жылдык мөөнөттүү күбөлүктөргө алмаштырылат. Бул тууралуу президенттин иштер башкаруучусу Каныбек Туманбаев 3-ноябрда журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, учурдагы 10 жылдык мөөнөттүү айдоочулук күбөлүктөрдүн ээси болгон жарандар аларды мөөнөтү бүткөнчө колдонсо болот.
Ошондой эле ал унаалардын техникалык паспорттору жаңы форматка өткөрүлөрүн кошумчалады — кагаз түрүндөгү документтердин ордуна «Түндүк» тутумуна интеграцияланган пластикалык карталар киргизилет.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.




